Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Атамбаев Түркияда экономикалык кызматташууну талкуулайт


Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” тастыктагандай, бүгүн кечинде премьер-министр Алмазбек Атамбаев эки күндүк иш сапар менен Түркияга барат. Маалыматка ылайык, өкмөт башчы 26-27-апрель күндөрү Түркия президенти Абдуллах Гүл, премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн экономикалык, гуманитардык кызматташуусун арттыруу маселеси талкууга алынмакчы. Мындан сырткары иш сапар алкагында бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу да белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG