Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Наркотоптордун лидерлери аныкталды


Бул тууралуу Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Виталий Орозалиев бүгүн журналистерге билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 70тен ашуун наркотоптор бар. Алардын лидерлери маалыматтар базасына киргизилген. Эми аталган кызматтын өлкө түштүгүндөгү Башкармалыгын күчөтүү аракети көрүлүп, штат кеңейтилүүдө. “АКШнын борбордук командачылыгы менен биргеликте башкармалыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүлүп атат. Анын алкагында Тажикстан менен чектеш аймактарга бештей жылып жүрчү жана стационардык бекеттер ачылышы ыктымал", - дейт Орозалиев.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз ташылып аткан баңги заттардын 15-20 пайызы гана колго түшөөрүн айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG