Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Күбөлүгү жокторго нике кыйган молдолор айып пул төлөшү мүмкүн


Мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизүү демилгесин бүгүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, бирдей мүмкүнчүлүктөр жана коомдук биригүүлөр комитети колдоду. Демилгечи депутат Айнура Алтыбаева “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” мыйзам долбооруна ушундай өзгөртүү киргизүү нике жана никеге тура турган жаш курактагыларды жөнгө салууга багытталганын билдирүүдө. Демилгечинин айтымында, ар бир үчүнчү үй-бүлө жарандык никеде жашай турганын иликтөө көрсөткөн. “Кыздарды ала качып кетип, нике кыюу аялдарга болгон зордук-зомбулукка жол ачууда” – дейт Алтыбаева. Эми бул долбоорду Жогорку Кеңеш жактырса үй-бүлө катары мамлекеттин каттоосуна туруп, үйлөнгөндөгү тууралуу күбөлүгүн (ЗАГС) албаган жаштардын никесин кыйган молдолор миң сом айып пул төлөйт. Бул өзгөртүүлөр эми ЖКнын кеңейтилген жыйынына алынып чыгат. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG