“Азаттыкктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, учурда Бишкектеги Тарых музейини алдында кыргыздын кол өнөрчүлүгү, улуттук тамак-ашы көргөзүлүп, улуттук аспаптарда ойногон өнөрпоздор ачык асман алдында концерт тартуулоодо. Иш чара Манас айтуу менен башталды. Бул иш чаранын алкагында Кыргызстанда жашаган башка улуттардын улуттук музыкалары да ойнотулат. Кыргыздын салттуу музыкасынын күнү 2004-жылдан бери белгиленип келет. Быйыл бул күн Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын салттуу музыкасынын майрамы катары белгиленүүдө. (КЕ)