Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

Урмат Барыктабасовго карата соттук өкүм чыгышы мүмкүн


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүнкү соттук жараянда Урмат Барыктабасов баштаган он беш адамга карата сот өкүмү чыгышы мүмкүн. 14-апрелде болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу Барыктабасовду 12 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. Жактоочулар болсо, күнөөлөрдү тастыктаган далилдер жок экендигин билдирип келишет.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов баштаган 15 адамды өткөн жылдын август айында “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген айып менен УКМК камакка алган. Ишти Биринчи май райондук соту териштирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG