Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 27-апрелде дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 7 …12, күндүз 19…24 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градус жылуу болмокчу. Тоолордо түнкүсүн -4…+1 градус суук, күндүз 4…9 градус жылуу болмокчу.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 градус, күндүз 20…22 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG