Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Чернобыл АЭСиндеги алааматты жоюга катышкандар сыйланды


Президент Роза Отунбаева Чернобыль АЭСиндеги алааматты жоюуга катышкандарды сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, “Чернобыл Союзу” ардагерлер жана майыптар коомдук бирикмесинин 10 мүчөсү Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

СССР маалында - 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл өзөктүк кубат ишканасында болгон жарылуу айлана чөйрөгө катуу зыян келтирип, жүз миңдеген адамдарды там-жайын таштап кеткенге аргасыз кылган. Бул ишкана 2000-жылдын 15-декабрында токтотулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG