Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Аудитор: Ооган өкмөтү полициясынын так санын билбейт


Ооганстан бийликтери өлкөдө канча полициячы бар экенин же полициячы катары канча адам маяна аларын билбейт. Бул жөнүндө АКШ өкмөтүнүн Ооганстандагы атайын аудитору Герберт Ричардсон 26-апрелде билдирди.
Анын сөзүнчө, өлкөдө полицияда иштеген адамдардын так тизмеси жок. Ошон үчүн, полицияда "өлүү жандарга акча төлөө, эки жолудан маяна алуу жана башка мыйзамсыздыктардын болушу толук ыктымал", - дейт Герберт Ричардсон.
Азырынча ооган бийлигинин бул сынга карата пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG