Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Карзайга Вашингтон ишенбей калдыбы?


Жозеф Байден менен Хамид Карзай Кабулдагы жолугушуу учурунда.
Жозеф Байден менен Хамид Карзай Кабулдагы жолугушуу учурунда.

АКШнын жаңы вице-президенти Жозеф Байден жакында Ооганстанда болуп кеткен соң Кабулда президент Хамид Карзайга байланыштуу күпүр-күдүң кептер күчөдү. Айрым апаздарга караганда Байден быйылкы жылдагы шайлоодо мамлекет башчылыгына башка бир талапкер тапкыла деп табыштап кеткен имиш.

Саясий жорунчулар Жозеф Байден Кабулга келгенде президенттин кеңсесине эмес, ички иштер министрлигинде болуп, анын башчысы менен сүйлөштү, муну менен бийликке келгени жаткан Вашингтон администрациясы ким үчүн “үстөк тигип” жатканын ишаара кылды дешет.

Ички иштер министри Ханиф Атмар Британияда билим алган. Андыктан болду-болбоду, Барак Обаманын өкмөтү Карзайдын ордуна Атмарды “тандап алган” окшойт деп осмоктогондор көбөйдү.

Атмар болсо адатта АКШдан же башка өлкөлөрдөн сенаторлор келгенде,аларды министрликтин кеңсесинде кабыл алып жүрөшкөнүн, Байден али вице-президенттик кызматка кирише электигин,азырынча сенатор экенин эске алып,дипломатиялык ушундай эрежени эп көргөнүн белгиледи.

Президенттин маалымат катчысы да Карзай Байденди сенатор иретинде кабыл алганын бышыктады. Анын айтымында, Байден президент менен “ачык-айрым,бирок жылуу жана достук ырайда аңгемелешти”. Тараптар өз ара мамилелердин көп өңүттөрүн талкуулашты.Экөө тең биргелешип иштөө жана кызматташтыкты улантуу зарылдыгын ырасташты. Карзай болгону терроризмге каршы күрөштүн стратегиясын кайра карап чыгуу керектигин билдирди.

Ооган парламентинин мүчөсү Шүкариа Баракзай бу тууралуу көп эле имиштер бар экенин, эл ичинде да ар кандай сөздөр айтылып жатканын ырастады. Бирок ал кандай болгон күндө да АКШнын жаңы администрациясы менен азыркы ооган өкмөтү бир тилде сүйлөшө албайт деген ойдо. "Вашингтон менен Кабул эми баары бир мурдагыдай жакын боло албайт”,-дейт ал.

Бул пикирге саясий илимпоз Марвин Уэйнбаум кошулат.Ал былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында Обаманын кеңешчиси болгон,азыр Вашингтондо Жакынкы Чыгыш институтунда иштейт.

Аскерий стратегияда пландалып жаткан өзгөрүүлөрдүн баарын ал эң алды менен Карзайдын өкмөтүнө калк канчалык деңгээлде ишенерине жараша болот дейт. Ушул өңүттөн алганда Кабул өкмөтүнүн ишин жакшыртуунун чечүүчү мааниси бар. Ал башка бардык тармактардагы,алардын ичинде саясий,аскерий чөйрөлөрдөгү өзгөрүштөргө таасирин тийгизет.

Эгер мындай өзгөрүштөргө жете албаса, анда Карзайдын өкмөтү өнүгүүгө каскак болуп калат,анда аны алмаштырганга туура келет.

XS
SM
MD
LG