Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ооганстанда дыйкандар апийимден кaра куурай өстүрүүгө өтүшүүдө


Ооганстанда тартип коргоочу апийимди жок кылып жатат, 2008-жыл, 25-март
Ооганстанда тартип коргоочу апийимди жок кылып жатат, 2008-жыл, 25-март

Апийим өндүрүшү Ооганстандын коогалуу түштүгүндө жана түштүк-батышында рекорддук деңгээлге жетти. Бирок өлкөнүн салыштырмалуу тынч түндүгүндө жана чыгышында апийим өстүрүү менен күрөш ийгиликтүү болгондугу айтылып келет.

Маң заттар менен күрөшкөн өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү 18 провинцияда апийим өстүрүлбөй калды деп жарыялашкан. Бирок бул аймактарда апийимден баш тарткан дыйкандар эми кара куурай өстүрүүгө өтүп жатышканы айгине болууда.

Бириккен Улуттардын Маңзаттар жана кылмыштуулук менен күрөш кеңсесине ылайык, Ооганстанда мурдагы жылдарга караганда апийим өстүрүү быйыл дагы азаймакчы. Бирок кеңсенин маалымат катчысы Валтер Кемп "Азаттыкка" апийим өндүрүшү төмөндөгөнү менен, кара куурай өстүрүү көбөйүп жаткандыгын белгиледи:

– Ооганстанда негизинен апийимге көңүл буруп келишти. Бирок өлкө бүгүн балким дүйнөдөгү эң ири көк нар өндүрүүчүгө айланды. Бул өндүрүш негизинен апийимден арылган провинцияларда көбөйүп жатат.

Коопсуздук эксперттеринин айтымында, Ооганстанда мурда мыйзамсыз апийим өндүрүшүн каржылаган жергиликтүү кор башылардын апийимди өлкөдөн жашыруун ташып кетүү жолдору сакталып калды. Бул жолдор менен эми кара куурайдан жасалган гашиш ташылууда.

Тажикстандын анти-наркотикалык полициясынын маалымат катчысы Бабажан Шафей биздин үналгыга ооган чек арасында кармалган маң заттардын көлөмү өсүп жаткандыгын бышыктады:

- Ооганстандан Тажикстанга наркозаттарын ташуу көбөйсө көбөйдү, азайган жок. 2007-жылга салыштырмалуу былтыр Ооганстанда маң заттары көп өстүрүлгөнүн билесиздер. Быйылкы жылдын биринчи эки айында бизде мындай заттарды конфискациялоо көбөйдү.

27-февралда Тажикстандын Саригор чек ара өткөөлүндө аткезчилер менен атышуу орун алган эле. Аткезчилер эки тартип коргоочуну атып өлтүрүп, кайра Ооганстан тарапка өтө качышкан. Бул кагылышта үч чек арачы жараат алган.

Бабажан Шафей тажик бийликтерин аткечилердин катуу куралданганы жана айыгышкан каршылык көрсөткөнү таң калдырганын белгиледи. Анын айтымында, мындай оор салгылаш бир нече жылдан бери боло элек болчу. Бирок мындан бир нече апта мурда тажик чек арачылары алты ооган аткезчисин атып өлтүрүп, ири көлөмдө наркозаттарды, анын ичинде кара куурайды колго түшүргөн.

Ооганстандын эл аралык коомчулук колдогон апийимди жок кылуу программалары дыйкандарга апийимдин ордуна жашылча-жемиш өстүрүп, алтургай балык уулоого өтүшүнө жардам берүүгө багытталган. Бирок мындай программага кошулган жергиликтүү тургундар көнүмүш дыйканчылыктан апийимдей пайда албай калдык деп нааразы экени маалым.

Наркозаттардын аткезчилиги менен күрөш армиянын ишиби же тартип коргоочулардын милдетиби? Эгер армияныкы болсо, НАТОнун Ооганстанда турган аскерлери да бул ишке аралашышы керекпи жокпу? Бул маселе НАТОнун өзүндө кыйла талаш жаратып келет.

НАТОнун Европадагы союздаш күчтөрүнүн кол башчысы генерал Жонн Крадокк декабрда Ооганстанда болгондо да ушул маселеге кайрылган. НАТОнун Брюсселдеги өкүлдөрү эл аралык күчтөрдүн милдетине наркоаткезчилик менен күрөштү да кошууга кайсы өлкөлөр каршы экендигин ачыкка чыгаруудан баш тартышууда. Бирок НАТОго кирген бир нече өлкөлөр, анын ичинде Германия, Италия, Польша жана Испания, бул иштерге аралашууга анча көңүлдөнбөй тургандыгын ачык эле билдиришкен.

Ооганстандагы балык чарбасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG