Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Ооганстан: президенттик талкууга Карзай келген жок


Бардык жерде Карзай, бирок президент тунгуч түз эфир дебатына келген жок.
Бардык жерде Карзай, бирок президент тунгуч түз эфир дебатына келген жок.

Ооганстанда президенттик талапкерлердин алгачкы теледебатына башкы талапкер, азыркы мамлекет башчысы Хамид Карзай келген жок.

Мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла менен мурдагы финансы министри Ашраф Гани президенттик шайлоодо Карзайдан кийинки эле эң башкы талапкерлер саналат. Ал экөө бейшемби күнкү теледебатта кайым айтышканда, президент Карзай үчүн даярдалган орундук бош турду.


Карзай эмне үчүн талкууга келгебени тууралуу ар кыл божомол айтылууда, бирок ага катышууга президенттин макул берген-бербегени айкын эмес. Соңку сурамжылоо Карзайдын көпчүлүк добуш менен жеңип чыгаарын, Абдулла андан кыйла артта, экинчи болуп келээрин, ал эми Гани үчүнчү болуп, тизмеге анча-мынча добуш менен гана илинээрин көрсөтүүдө.

Талибдердин режими мындан сегиз жыл мурда кулатылгандан кийин бүгүн Ооганстанда кандуу калабалар айрыкча көбөйдү. Ушундан улам теле-акыйнекте коопсуздук маселеси биринчи орунда болду.

Жеке менчик ТОЛО-ТВ уюштурган талкууда эки катышуучу келбеген Карзайды сындашты.

Абдулла коопсуздук солгундап, талибдердин күч алышы үчүн Карзайдын бийлигин күнөөлөдү:

- Акыйкаттык, таасирлүү сот, өкмөт системасы болбогондуктан ооган эли душмандарга ооп, душмандын күчү артып жатат.


Кооганын күч алышы менен бирге америкалык, британ, немис жана ооган аскерлери согуштук аракеттерин күчөтүп жаткан чак. Бул аракеттер биринчи кезекте келерки айдагы президенттик шайлоонун айрыкча алыскы аймактарда тынч өтүшүн камсыздоо максатын көздөйт.

Мурда илимпоз болгон, Дүйнөлүк Банкта иштеп келген Ашраф Гани өлкөдө чет элдик аскерлердин турушуна байланышкан көпчүлүктүн көңүлүндөгү маселеге кайрылды. Ал шайланып калса, бул аскерлердин жүрүм-туруму жана качан чыгарылаары так аныктаган план түзөм деп сөз берди:

- Чет элдик аскерлер Ооганстандан качан кетет? Бул жаатта мен алар менен келишим түзгүм келет. Ошондо Баграмдагы түрмөнү үч жылдын ичинде жабабыз.

Гани сөз кылган Баграм түрмөсүн кезегинде советтик аскерлер курган, азыр ал НАТО баштаган эл аралык күчтөрдүн көзөмөлүндө.

Карзайдын атаандаштары анын теле-талкууга келбегенин өздөрү менен көзмө-көз беттешкенден тайсалдаганы деп баалашты. Бирок Карзайдын шайлоо штабынан башка түшүндүрмө келип жатат.

Штаб жарыялаган билдирүүдө айтылганга караганда, Карзай дебатка чакырууну болгону бир күн мурда алган. Көз карандысыз Шайлоо комиссиясынын басма сөздү көзөмөлдөө бөлүмү жүргүзгөн иликтөөгө таянып, штаб дебат өткөргөн ТОЛО-ТВны шайлоону чагылдырууда дээрлик 60 пайыз Хамид Карзайга каршы деп ырастады. Соңку жылдары Кабулдан эфирге чыккан бул телебекеттин ооган бийликтеринин мартабалуу өкүлдөрү менен чатагы көп экени маалым.

Карзайдын шайлоо өнөктүгүнүн өкүлдөрү ошондой эле эгер шайлоо комиссиясы бардык 41 талапкерге бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн, бардыгына тең шарты болгон теледебат уюштурса, Карзай ага катышуудан баш тартпай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG