Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Лойа жырга аяктады, жыйынтык болору күмөн


Кабул -- Жалпы элдик жыйындын - лойа жырганын делегаттары.
Кабул -- Жалпы элдик жыйындын - лойа жырганын делегаттары.

Кабулда жалпы элдик жыйын – лойа жырга ишин аяктады. Бир жарым миңдей делегаттар президент Карзайдын талиптердин байистүү өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу сунушун жактырышты. Калктын көбү да бул чечимди улуттук элдешүүнүн акыркы мүмкүндүгү деп атап жатышат. Бирок мындан жыйынтык чыгарынан күмөнсүгөндөр да аз эмес.

Өлкөдөгү бардык уруулар жана тайпалар талиптер менен кызматташканга даяр экенин, анткени алар чет элдик күчтөр да, улуттук армия да ушу тушта коопсуздукту камсыз кыла албайт деп эсептеше турганын лойа жырганын төрага орунбасары Киямуддин Кашаф ырастады.

"Биз тынчтыкка жетишүү үчүн демилге башташыбыз керек", - деп айтты Кашаф.

Отузга чукул топко бөлүнүп, президент Хамид Карзайдын талиптер менен элдешүү планын талкуулаган делегаттар 150 беттен турган сунуштарды даярдады. Алардын арасында калктын канын төккөнгө катышпаган талиптерге мунапыс берүү, тынч турмушка кайта тургандарга акчалай жардам көрсөтүү, жумуш менен камсыз кылуу жана башка экономикалык колдоо көрсөтүү, аялдардын укуктарын бекемдөө жана кеңейтүү тууралуу маселелер камтылган. Козголоңчул топтордун башчыларына кааласа чет өлкөлөргө чыгып кеткенге кепилдик берилет. Сүйлөшүү ишин баштоо үчүн улуттук комиссия түзүлөт.

Кабулдун көчөлөрүндө карапайым калк өкүлдөрү да элдик жыйындан соң өлкөдө баракатчылык башталат деп үмүт кылып жатышканын билдиришти. "Өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы бардык оогандыктар согуштан тажап бүттү, баарыбыз тынчтыкты күсөп турабыз, күрөш бул маселени чече албайт",- деп айтты "Азаттыктын" кабарчысына шаардык тургундардын бири.

"Жырганын иши көпкө үмүттөндүрүүдө, жыйында бир чечим табыларына, көп жылдык согуштан кийин акыры биздин жерде жаңы турмуш башталарына ишенебиз",- деп кошумчалады кабулдук дагы бир киши.

Лойа жырганын ишин АКШ президенти Барак Обама "бурулуш учур" деп атап, аны Вашингтон колдой турганын билдирген эле. Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын жетекчиси, баш катчынын атайын өкүлү Стефан де Мистура да калк тыйылбаган жаңжалдардан абдан жадап бүткөнүн белгилеп, ичи ара мындай урушта эч ким жеңе албайт турганын эскертти.

Өкмөттүн сынчылары жыйындан эч кандай натыйжа чыкпайт дешет. Карзайдын былтыркы шайлоодогу атаандашы Абдулла Абдулла жыргага тандалып алынган делегаттар жалпы коомдук пикирди туюнта албай турганын айтып, ага катышкандан баш тартты. Хорст, Гилменд жана башка бир нече провинциянын аксакалдар жамааты элдик жыйынга өкмөткө ыкыласын салгандар гана чакырылып, ал эми калк арасында чыныгы аброй-кадыры бар адамдар катышпай калганына нааразы болушту.

"Талибан" менен "Ислам партиясы" да жыйынга катышпады. Талиптер лойа жырганын иши башталган күнү Кабулда жасалган жапырыктын жоопкерчилигин өздөрүнө алышты. Элдик жыйынды алар "чет элдик аскерлердин талабы менен уюштурулган пропагандалык" иш-чара деп эсептешет.

"Элдешүү үчүн адегенде өлкөдөн оккупанттардын баары чыгарылышы керек, ошондон соң сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн", -деп айтылат талиптердин сайтында пайда болгон билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG