Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Ооганстанда аялдар зордук-зомбулуктан арыла элек


Шакиля турмушка чыккандан бир нече күндөн кийин.
Шакиля турмушка чыккандан бир нече күндөн кийин.

Ооганстанда талибдердин бийлиги кулагандан бери кыз-келиндер билим алып, иштей башташты. Бирок иштеген жана окуган кыздарга экстремисттердин кол салуулары дале көп кездешүүдө.

Шакиля күндө Кабулдан автобуска отуруп, узак жол жүрүп, коңшулаш Майдан Вардак провинциясына ишке барат. Мында ал дарыгердин жардамчысы болуп иштейт:

- Мен бул ишти кокусунан таап алдым, Кабулда 60-80 доллардан айлык төлөшөт, бул жашоого жетпейт. Балдарымды багышым керек, ошондуктан аз айлыкка иштей албайм.

Шакиля 450 доллардык айлык менен күндө жолго 4 саат кетиргенине да кайыл, жалгыз бой эне, бирок балдарын ач калтырбай багып жатат.

Көптөгөн ооган аялдарындай эле Шакиля талибдердин бийлиги кулагандан кийин билим алып, иш тапты. Ал 1990-жылдары Кабул университетинде юридикалык факультетте окучу. Ооганстанда коммунисттик бийлик кулагандан кийин окуусун таштоого аргасыз болду.

Кабулду талибдер басып алгандан кийин кыздарга жана аялдарга окууга, иштөөгө, ал тургай көчөгө жакын эркек тууганы жок чыгууга тыюу салынат. Шакиляны ал кезде жээнине кудалап коюшкан.

Жээни тойдун так алдында кокустуктан көз жумгандан кийин, аны салт боюнча күйөө баланын инисине башын байлашкан. Өзүнөн кыйла жаш күйөөсү баңгиликке берилип кетет. Акыры Шакиля андан бөлүнүп, балдарын алып, Кабулдагы ата-энесиникине келет.

Оогандарда ажырашуу бетке чиркөө деп саналгандыктан, аялдар ар кандай кордукка чыдап жашай беришет, ошондуктан ажырашуулар бул өлкөдө өтө сейрек.

Талибдердин режими кулагандан кийин Шакиля биринчилерден болуп, медициналык атайын мектепте билим алды. Бүгүн ал өңдөнүп окуп, мугалим, журналист, дарыгер болуп иштеп жаткан кыз-келиндер улам көбөйүүдө. Бирок экстремисттер алар жолдо баратканда кол салган, кыздардын мектептерин өрттөп кеткен учурлар көп кездешүүдө.

Ал эми өткөн күздө мындай мектептердин биринде кыздардын бетине кислота чачып кетишти. Элетте өзүн-өзү билген кор башылар жана куралчандар аялдарды зордуктап, бирок эч кандай жаза албаган учурлар көп. Ушундан улам, Шакиля иштеп жүргөнүн жаап-жашырууга аргасыз.

XS
SM
MD
LG