Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Ооганстанда мектептин саны арбыды


Ооган өкмөтү соңку жылдары өлкөдө 11000ге жакын мектеп кайра ачылып, балдарга билим бере баштаганын жар салды. Алыскы айылдарда ачылган чакан мектептердин 200дөн ашууну талиптер тынбай кол салып келаткан өлкөнүн түштүк аймактарында орун алган. Ооганстандагы «сабатсыздыкты жоюу» кампаниясы калкты кары-жашы дебей агартуу ишине айлана алабы?

Миллиондогон жаңы китеп басылды

Бириккен улуттар уюмунун балдар кору – ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Ооганстанда ушу тапта калктын 30 пайызына жакыны сабаттуу, калган 70 пайыздайы мектеп босогосун аттаган эмес. 2001-жылы талиптердин бийлиги кулатылгандан бери ооган өкмөтү чет элдик донорлор менен эл аралык уюмдардын жардамы менен мектеп жашындагы жеткинчектердин баарын партага отургузуу аракетин көрүп келатат. Ошол кампаниянын алкагында өткөн аптада Ооганстандын билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Асиф Нанг өкмөт 30 миллион нускадагы окуу китептерин басып чыгарып, ар башка аймактардагы мектептерге жөнөтө баштаганын жарыялады.

- Өкмөттүн атайын программасына ылайык, мектептерде окутула турган 1008 китептин мазмуну бекитилген. Алардын баары, буюрса, дагы бир жарым жылда басылып чыгарылат деп турабыз. Азырынча даярдалып бүткөн 30 млн нускадагы окуу китептери жакын арада Ооганстандагы бардык региондорго бирдей санда таратылат. Алдыда дагы 28 млн нускадагы китепти чыгаруу пландаштырылган.

Сабатсыз кыздардын саны эркек балдардан үч эсе жогору


Соңку жылдары кайра ачылган 11 миңдей мектептин көбү алыскы чачыранды айыл-кыштактарда болгондуктан, аларда аз сандагы гана балдар билим алууда. Улуттар уюмунун баамында, мектеп курагындагы 5 миллиондой ооган өспүрүмү окууга барганга чама-чаркы жок, ар кандай жумушка жалданып, акча табууга аргасыз.

Дегинкиси, Ооганстандагы сабатсыздардын 75%ы кыздар менен аялдар. Талиптердин бийлиги тушунда кыздар билим алууга акысыз, аялдарга иштемек турсун, жалгыздап көчөгө чыгууга тыюу салынган эле. Ошондуктан Герат шаарында жашаган 23 жаштагы Шукуфа Афзали орто мектепти былтыр араң аяктады:

- Мен мектепке адегенде талиптерге чейин барган элем. Алар бийликке келгенден кийин башка кыздардай эле үйдө отуруп калгам. Кээ бир сабактарды үйдөн окуп үйрөндүм. Аны да бирөө билип калбасын деп коркоор элек. Эми азыр эркинбиз, көчөгө чыгасыңбы, мектепке барасыңбы, эч кимдин иши жок.

Шукуфа айткан эркиндикке азырынча бардык ооган кыз-келиндери жетишти деп айтуу эртелик кылат. Дале болсо ар кайсы жерден кол салган талиптердин каарынан коркуп, кыздарын үйдөн чыгарбай, эртелеп күйөөгө берген оогандыктар аз эмес.

Мектептерди колдоо ишин уруу башчылар колго алууда

Былтыр эле, мисалы, Ооганстанда 20дан ашуун билим берүү жайына кол салуу болуп, ондогон окуучулар менен мугалимдердин өмүрү кыйылды. Коопсуздук жагдайы жөнгө салынмайынча, четтен келген миллиондогон долларлык жардам да Ооганстандын бүткүл калкын бутуна тургузуп, билимдүү кылууга жарап бере алчудай эмес.

Ооганстандын билим берүү министрлиги соңку кездери мектептерди кайра ачып, аларга балдарды тартууга жергиликтүү уруу башчылары, айыл кеңештери жардам бере баштаганына ыраазы. Министрликтин өкүлү Мохаммад Асиф Нанг айрыкча куралдуу кагылыштардан арылбай келаткан түштүк тараптагы жылыштарга басым жасай кетти.

- Ооганстандын ар башка аймактарында 11500 атайын кеңеш түзүлүп, мектептерди колдоо жана өнүктүрүү ишин колго алды. Ушул кеңештер жардам бербегенде, мындай жетишкендиктер болбойт эле. Хелманд провинциясында 94, дагы ондогон мектептер Кандагар менен Зобулда ачылды.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG