Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Ооганстанда кол салуудан төрт сот кызматкери мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кабул шаарынын түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясында "Талибан" куралдуу кыймылынын кол салуусунан үч судья жана соттук администрациянын бир кызматкери ажал тапты. Бул тууралуу аталган провинциянын башчысынын басма сөз өкүлү билдирди жана ажал тапкандар Пактиядан Кабулду көздөй машине менен баратканда буктурмага кабылганын маалымдады. "Талибан" кол салуу уюштурганын азырынча ырастай элек.

Сентябрь айында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен Ооганстандагы согушту токтотуу боюнча бир канча айдан берки сүйлөшүүлөрдү бир тараптуу токтотуп койгон. Буга америкалык жоокердин өлүмү менен аяктаган талибдердин чабуулу себеп болгон. Буга байланыштуу «Талибан» чабуулдарын дагы күчөткөн.

Өткөн айдын аягында Бээжиндеги ооган сүйлөшүүлөрү өтөөрү кабарлаган, бирок жолугушууга "Талибан" кыймылынын жетекчилери барбай койгон.

XS
SM
MD
LG