Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Ооган аялдарын кемсинткендер түрмөгө түшөт


Президенттикке талапкер Доктор Фарзан Фананын айрылган көрнөгү
Президенттикке талапкер Доктор Фарзан Фананын айрылган көрнөгү

Ооганстанда кыздарды окууга жибербей же иштен калтыргандар мындан ары түрмөгө түшүшү мүмкүн. Кеминде даярдалып бүтүп калган мыйзам долбоорунда мына ушул өңдөнгөн катаң чаралар каралган.

Аталган мыйзамды көп жылдардан бери даярдап келишкен, эми гана ал биротоло жазылып бүттү. Аны парламентте жайкы эс алуудан ушул аптада кайтып келген депутаттар биринчилерден болуп жактырат деп күтүлүүдө.

Мыйзамда аялдарды дискриминациялоо кылмыш деп мүнөздөлөт жана ага жол бергендер айыпка жыгылып, кесилип кетиши да мүмкүн. Бул чаралар кыз-келиндерди окууга жибербей, иштетпей, же доктурга көрсөтпөй койгондорго карата да колдонулмакчы.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар бул мыйзамды чоң жылыш деп баалашууда. Ал аялдардын укугун күч алдырып, алардын коомдогу ордун бекемдөө мүмкүнчүлүгүн жакшыртат деп үмүттөнүшөт.

Ооганстанда кыздардын, аялдардын абалы талибдер кулагандан кийин бир топ оңолду. Он миңдеген аял, анын ичинде көп сандаган согуш жесирлери ишке, миллиондогон кыздар мектепке кайтып келишти.

Бул өзгөрүүлөрдү бир кездери можахед болуп согуштарда жүргөн, эми тынч жашоого өтүп, жер иштеткен Фате Мухамммад да баамдайт. Ал элдин аялдарга мамилеси өзгөрдү деп эсептейт:

Мазар-и-Шарифте эч ким балдардын билим алуусуна бут тоспойт. Кызбы, балабы бирдей. Тестиер кыздар бой жеткенде жоолук салынат, бул исламдын талабы. Бирок алар окуусун уланта берет. Эч ким аларды мектептен калтырбайт.

Фате Мухаммад жашаган Түндүк Ооганстанда аялдар салыштырмалуу эркин болушкан. Ал ми Кандагар, Хелман сыяктуу өзгөчө консервативдүү, талибдердин таасири күчтүү болгон түштүк дубандарда бүгүн да паранжысын башынан алууга дааган аялдар дээрлик жокко эсе.

Асадулла - Хелманддан, ал адамдардын кылымдардан калыптанган түшүнүгүн мыйзам же жардык менен өзгөртүү кыйын экендигин белгилейт:

– Мындай мыйзамды биздин коомдо ишке ашырыш өтө кыйын болот. Кызы өз тагдырын өкмөт менен талкуулашына, же өкмөт кыздын маселесин чечүүгө кийлигишүүсүнө ата-эне, урук-туугандар жол беришин элестетүү кыйын. Бардык маселелер төрт дубалдын ичинде, ата-энеси тарабынан талкууланат.

Чынында да, жогоруда аталган жылыштарга карабастан, ооган аялдары туш келген чектөөлөр аз эмес. Алар коомдук турмушка аралашканы үчүн коркутуп-үркүтүүгө, ал тургай өмүрүнө кол салууларга дуушар болушат. Кыздар үчүн ачылган жүздөгөн мектептер өрттөлүп кетти. Кыздардын жарымы мыйзамда каралган 16 жашка чыга электе көбүнчө ата-энеси тандаган адамга күйөөгө берилет. Ошондуктан укук коргоочулар да аталган мыйзамды ишке ашыруу кыйын болоорун моюнга алышат.

Шукрия Барекзай ооган парламентинин мүчөсү, аял укуктары үчүн күрөшкөн активист. Ал президент Карзай кол коет деп күтүлгөн мыйзамды бүгүн баш калаа Кабулда да ишке ашыруу мүмкүн эмес экендигин жашырган жок. Иштебеген мыйзамдын анда эмне кереги бар? Депутаттын көз карашында, кереги бар. «Биз ишке ашпайт деп мыйзамды четке какпашыбыз керек, мыйзамды кабыл алып, аны иштетүүгө шарт түзөлү. Ошол эле убакта биз адамдардын укуктары боюнча түшүнүгүн өстүрүшүбүз зарыл» дейт ал.

Укук коргоочунун ишениминде, ооган эли аз-аздап, аялдардын коомдогу жаңы абалына карата жаңыча мамилени үйрөнүп, кабыл алышы керек болот.

XS
SM
MD
LG