Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Ооганстанда биринчи мода кароосу болот


"Ооган модели" болгусу келген кыздардын бири, 14-март, 2009
"Ооган модели" болгусу келген кыздардын бири, 14-март, 2009

Ооганстанда Ноорузда мода кароосу өткөнү жатат. Ага катышууга 2 миңдей адам, негизинен жигиттер жазылышты. Бирок көп оогандар мода кароосун "жаштарды бузган" иш-чара деп жактырышкан жок.

"Ооган модели" деп аталган кароонун биринчи туру февралда өттү. Андан 80дей катышуучу тандалып алынды. Жыйынтыктоочу тур 22-мартта, Нооруз майрамында өтөт. Жеңүүчүлөргө бир катар сыйлыктар, анын ичинде азиялык, европалык өлкөлөргө саякаттар каралган.

Кароо "Эмруз" ("Бүгүн") деп аталган жеке менчик телеканалдан өлкөнүн 10 дубанына көрсөтүлүүдө. Сүрөөнчүлөрү – жеке менчик фирмалар жана ишкерлер. "Эмруздун" программалык директору Фахим Кохдаманинин айтымында, кароонун максаты – Ооганстан тууралуу дүйнөнүн түшүнүгүн жакшыртуу:

Биз ооган жаштары башка өлкөлөрдөгү салттар жана окуялар менен таанышса дейбиз. Биз ошондой эле оогандардын унутулуп бараткан улуттук кийимдерин сактап, элге таанытууну максат кылабыз. Бир эле мезгилде биз жаңы, заманбап кийимдин түрлөрү менен тааныштырууну каалар элек. Эң башкысы - элдер ооган жаштарын өңдүү-түстүү, өздөрүн алып жүрө билген улан-кыздар кендигин дүйнөгө билдирүүгө мүмкүндүк алып жатабыз.

"Эмруз" телеканалы "100-200 киши келип берсе" деген жупуну үмүт менен кароону жарыялаган. Бирок 2 миңдей киши, 18-32 жаштагылар, негизинен эркектер жабылып келди. Ал тургай Кандагар өңдөнгөн кыздар көчөгө баштан-аяк чүмкөгөн паранжысы жок чыгууга даабаган аймактардан да талапкерлер болду.

18 жаштагы студент Важма Кабулдан, ага баш калаада да ата-энесин, урук-туугандарын "мода көрсөткөндүн эч кандай эрээн-төрөнү жок" экендигине көндүрүү оңой болгон жок:

– Тууган, тааныш-билиштеримдин арасында буга каршыккандар бар. Алар кыздардын мындай иш-чараларга катышканын жаман көрүшөт. Бирок бул Ооганстан үчүн жаңы демилге, ошондуктан ата-энем мага бул кароого катышууга уруксат беришти.

Важма менен кароого чогуу катышып жаткан Хамед келечекте модел болгусу келет. "Талибдер кулагандан кийин Кабулда биз сателит табагын койдурганбыз. Мен теледен мода программаларын көп көрөм, эл аралык кароолордо бир да ооган жок экени мени түйшөлтөт. Азыр эми мындай кароого өзүм катышууга мүмкүндүк алып жатам." дейт ал.

Талиб бийлиги тушунда Ооганстанда музыкага жана көңүл ачууга такыр тыю салынган эле, ал эми телевизорлорду көчөгө алып чыгып, кишини дарга аскандай, асышкан.

"Ооган модели" катардагы мода кароосу эмес. Ага кесипкөй мода дизайнерлери катышкан жок, анын артында кандайдыр бир дизайн же концепция да жок. Катышуучулар кааласа ооган киймин, кааласа чет элдик кийим кийишет. Калыстар тобу да тажрыйбасыз.

"Эмруздун" жетекчиси бул кароонун арты менен анын телеканалынын популярдуулугун көтөрүүгө үмүттөнүүдө. Бирок мындай кароолор жаштарды бузат деп катуу нааразы болгондор көп. Модел болгусу келген Хамед да оогандар жигит-кыздардын денесин, кийимин көрсөтүп, эл алдына чыккандыгын жактырбагандар көп экендигин билет:

– Көп кишилердин түшүнүгү төмөн болгондуктан, ыйкы-тыйкы сөз көп болуп жатат. Анын үстүнө, бул биринчи кароо болгондуктан, ар кандай пикирлер болуп жаткандыгы таң калыштуу эмес.

Бирок Хамед эл эмнеден ойлойт деп карап отургусу келбейт. Ал "модель болсом, Кабулдун көчөлөрүндө баратканда эл тааныса" деген гана тилекте.

XS
SM
MD
LG