Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Арменияда сот экс-президенттин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок


Роберт Кочарян.
Роберт Кочарян.

Арменияда Кассациялык сот 7-ноябрда мурдагы президент Роберт Кочаряндын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокаттарынын арызын канааттандырган жок.

Роберт Кочорян алгач 2018-жылдын аягында камакка алынган. Быйыл май айында Еревандагы сот экс-президентти үй камагына чыгарган. Сотто Тоолуу-Карабактын азыркы жана мурдагы башчылары 2 миң доллар күрөө коюп, тилкат жазып беришкен.

Бирок бир айдан кийин эле апелляциялык сот Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны кайра камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.


Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Экс-президент Арменияда нааразылык акциясына чыккандардын кууп таратылышы боюнча күнөөлөнүүдө. Анда кеминде сегиз адам өлгөн.

Кочарян өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн.

Эгерде сот Кочарянды күнөөлүү деп тапса, ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG