Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Евровидение: Бир ырдын баасы


Евровидение - 2009. Армениялык аткаруучулар Ануш жана Инга, Москва, 14-май
Евровидение - 2009. Армениялык аткаруучулар Ануш жана Инга, Москва, 14-май

Евровидение - кадимкидей эле ыр жарышы. Арийне Азербайжанда быйылкы конкурста армениялык ырчыларга добуш берген жарандар коопсуздук органдарына түшүндүрмө берүүгө аргасыз.

Бакулук Ровшан Насирлини жакында Улуттук коопсуздук комитетине чакырышты. Андан май айында Москвада өткөн конкурста эмне үчүн армениялык ырчыга добуш бергендигин түшүндүрүп берүүнү сурашкан.

- Алар бул – улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе дешти. “Улуттук ар-намысың жок, Арменияга кантип добуш бердиң?” - деп психологиялык кысым көргөзүүгө аракеттеништи. Түшүндүрүү катын жаздырып алгандан кийин, кое биришти.

Армениялык Инга жана Ануш деген аткаруучулардын “Jan-Jan” деген ыры үчүн бардыгы болуп азербайжандык 43 киши добуш берген. Алар добуштарын чөнтөк телефондору аркылуу жиберишкен. Насирли армяндар тартуулаган ыр, азерилердин ырларына көбүрөөк окшогондугу үчүн ага жакканын айтат:

- Мен Араштын Азербайжандын өкүлү катары конкурска катышкандыгына нааразылык иретинде Арменияга добуш бергем. Алардын ыры Араштыкына караганда азерилерге жакыныраак.

Теги ирандык поп-жылдыз Араш Швецияда жашайт. Ал Айсел деген анча таанылбаган жаш ырчы менен дуэтте “Always” деген аталыштагы ырды аткарган.

Араштын Евровидениеге тандалышына каршы чыккандар да, аны колдогондор да Азербайжанда көп болгон. Акыр аягында андай тандоо өзүн актады. Азербайжан конкурста 3-орунду ээледи. Армениялык Инга менен Ануш болсо алардан артта калып, 10-орунду алышты. Бирок мындай ийгилик Азербайжандын Улуттук коопсуздук кызматын ыраазы кылган жок көрүнөт.

Насирли армян ырчыларына артыкчылык бергендигинде жаман эч нерсе көрбөйт:

- Азербайжан депутаттары Арменияга бара алса, мен армениялык ырга эмне үчүн добуш бере албаймын? Мен алардан: “Элдин Арменияга добуш беришин каалабасаңар, анда эмне үчүн армяндар менен кошо бир мелдешке катышып жатасыңар?” - деп сурадым.

Коопсуздук мекемесинин расмий өкүлдөрүнөн бул иш боюнча комментарий алуу азырынча мүмкүн болгон жок. Бирок укук коргоочулар окуяны кооптуу көрүнүш катары кабыл алышты.

Укук коргоочу Аваз Хасанов Азербайжан “полицай мамлекетине” айланып баратат деген камтамасын айтат:

- Бул иште эч кандай мамлекеттик сыр жок. Ал – ачык жарыш болгон. Эл болгону өзүнө жаккан ырды тандаган. Адамдарды ушундай жол менен контролдоо акылга сыйбаган нерсе. Мындай аракеттер өлкөгө жакшылык алып келбейт. Бардык смс каттар, телефон сүйлөшүүлөрү текшерилип турган өлкө полицай мамлекети деп атоого арзыйт.

Азербайжан менен Армения ортосунда Тоолуу Карабак анклавы боюнча талаш жылдардан бери уланып келатат. Жаңжал кээде эки элдин мамилелерине да көлөккө түшүрүүдө. Армениялык артисттердин ырын коштогон сүрөттөрдө адегенде Тоолуу Карабактагы тарыхый эстелик бар эле. Конкурстун кожоюну катары Россия алардын алынып салышын талап кылган.

Баса, азербайжандык аткаруучуларга 1 миңден ашуун армян добуш берген. Алар кандайдыр бир куугунтукка кабылды деген маалымат азырынча түшө элек.

XS
SM
MD
LG