Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бир айылдын жашоосу: сууну аял ташысын, эркекке бул уят


Азербайжандык элет аялы
Азербайжандык элет аялы

Азербайжандын баш калаасы Бакыда президент Илхам Алиевдин аялын, кыздарын билген киши мунайга бай бул өлкөдө айрым аялдар эбегейсиз таасирге ээ экенине ынанат. Бирок баш калаадан жүздөгөн чакырым аралыктагы айылдарда элеттик аялдардын турмушу таптакыр бөлөк.

Бала багып, үйдү карагандан тышкары аялдар талаада иштеп, суу ташыйт. Айылдагы эркектер болсо аялдардын оор жумуш кылганын кадыресе көрүнүш деп эсептешет. Азербайжандын борбордук аймагындагы бул айылда аялдардын жумуш күнү таң азандан башталып, күн батканга чейин созулат.

Алардын бири талаада иштеп, кайткандан кийин алыстан суу ташырын, келгенден кийин колго кир жууп, кыйналарын айтса, экинчиси "эс алмак кайдан? Газ жок, суу жок. Балдарды бергенге бала бакча да жок" дейт. Ал эми дагы бир аял эртең менен 6-7де, ал эми иши көптөр андан да эрте турушарын, колу кечки саат тогуздарга чейин бошоборун айтат.

Бул аялдар алтургай сыналгы да көрүшөйт, "ага убакыт кайдан, биздин айылда телевизор көргөн аялды таба албайсың" дешет бир ооздон. Аялдар талаада иштешет, алыстан суу ташыйт. Чакалап суу алып келатканда, көчөдө топтошуп алып, чай ичип, же домино ойноп отурган эркектер аларды узата карап калышат. Аялдар оор жумушту жасабай эле койсо болойт беле? Бул суроого Челебилер айлынын эркектери «салт боюнча оор жумуштун көбүн аялдар жасашы керек» деп жооп беришет:


– Жок, сууну аялдар ташышы керек. Эркекке бул уят.

Айрым эркектер кээде эл көрбөсүн деп, караңгыга жамынып суу ташыганын моюнга алышты.

Азербайжан пост-советтик мейкиндикте эң тез өсүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Өсүш биринчи кезекте өлкөнүн зор мунай-газ кендери менен түшүндүрүлөт. Айрым эсеп боюнча, өлкөнүн нак акча резерви 20 миллиард доллардан ашат. Президент Илхам Алиев бул байлыкты экономиканын чийки затка болгон көз карандылыгын азайтып, Челебилер айылы жайгашкан Барда ооданы сыяктуу аймактарда инфраструктураны жакшыртууга сарптоого убада кылган. Бирок Бардада, мисалы, бүгүн башканы айтпаганда, суу түтүгү жок, газ да жок, күнү бүгүнгө чейин отун жагып, тамак жасап, үй жылытышат.

Ал эми аялдарга келсек, мыйзам алдында алардын укуктары эркектердики менен бирдей деп саналат, бирок айрыкча жакырлык улам күч алып жаткан айыл жергесинде аялдардын дискриминациясы күчтүү.

Азербайжандын "биринчи кыздары" Арзу менен Лейла (оңдо). Москванын Риц Карлтон ресторанынан сүрөт, 2007-ж.

Баш калаада деле таасирлүү кызматка же орунга жеткен аялдар саналуу. Алардын ичинен биринчи айым Мехрибан Алиева 44 жаштагы дарыгер. Ал азыр парламенттин таасирдүү мүчөсү, 2013-жылы күйөөсүнүн мөөнөтү бүткөндө президенттик кызматка даярданып жатат деп айтылат. Президенттин 20дан өткөн эки кызы – Арзу менен Лейла 75 миллион доллардан ашкан менчик, ишкердүүлүк холдингдери бар үй-бүлөнүн эрке-талтаң кыздары.

Чилабилер айылындагы кыз-келиндер биринчи үй-бүлөнүн жашоосун элестете да алышпаса керек. Мында күнүмдүк турмуштан колу бошобогон аялдардын саясатка аралашканга чолоосу да тийбейт. Алардын бири - Шукуфа Жабраилова:

– Көр тирликтен кол бошобойт. Колдон келсе, мисалы, жергиликтүү шайлоого деле катышат элек.

Элеттин көйгөйлөрү азери активисттеринин көңүл сыртында калган эмес. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар ошол эле Челебилер айылында аялдардын маселеси боюнча бир нече долбоорлорду башташкан. Бирок Аран аттуу аймактык өнүктүрүү уюмунун өкүлү Ламан Бабаева белгилегендей, жергиликтүү маселелерди чечүүгө келгенде аялдар демилге көрсөтө алышпагандыктан көп программалар үч-төрт айга жетпей токтоп калат.

Билим берүү да аксап келет. Мектептердин саны азайган. Көп учурда кыздар орто мектепти да бүтүрүшпөйт, кээ бирлери турмушка чыгып кетет, башкалары иштеп кетет. Өздөрү жандары тынбаган ата-энелер каралашсын деп, балдардын окуудан калганына да кайыр дейт Жабраилова:

– Илгери мектептерде сабактан кийин балдар үчүн ар кандай окуу, ийримдер болоор эле. Ата-эненин колу бошобосо, балдар көчөдө басып калбай, ошол жерде үй тапшырмасын жасашчу. Бирок бул система азыр иштебей калган. Сабатсыздардын саны да өскөн.

XS
SM
MD
LG