Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Анкара Бакунун таарынычын жазууга аракет кылууда


Түркиянын тышкы иштер министри Давутоглу менен Азербайжандын тышкы иштер министри Елмар Мамедяров, Баку, 22-октябрь.
Түркиянын тышкы иштер министри Давутоглу менен Азербайжандын тышкы иштер министри Елмар Мамедяров, Баку, 22-октябрь.

Aнкара менен Еревандын ортосундагы жакындашуу жараянына нааразы болгон Азербайжан менен солгун тарта баштаган мамилесин оңдоо максатын көздөп, Түркиянын тышкы иштер министри Бакуга иш сапар менен барды.

Армения менен Түркиянын ортосунда дипломатиялык алака түзүүнү көздөп кол коюлган эки протокол жана 14- октябрда Түркиянын Бурса шаарында армян жана түрк курама футбол командаларынын ортосунда өткөн беттешүү учурунда стадонго азери желектеринин киргизилишине тыюу салуудан улам ырбап кеткен «желек чатагы» тектеш эки өлкөнүн мамилелерине кесепетин тийгизди.

Адегенде, Бакудагы Түрк бейитинде илинип турган Түркиянын желектерин алып салган Азербайжан бийлиги шаршемби күнү эл аралык келишимдерге каяша түрдө Бакудагы дипломатиялык бир миссиянын алдындагы түрк желегин алдыртып салып, абалды ого бетер курчутуп жиберди.

Бул окуя Түркияны Азербайжанга ырасмий түрдө протест билдирүүгө аргасыз калды. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун Баку саякатын утурлап президент Абдуллах Гүл азери кесиптеши Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анын кеңсесинен жарыяланган билдирүүдө “биз кыйчалыш жараяндан өтүп бараткан кезде айрым эмоционалдык реакциялар себеп болгон туура эмес түшүнүктөр жоюлду” деп баяндалды.

Кара деңиз экономикалык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бакуга барган тышкы иштер министри Давутоглу бейшемби күнү кесиптеши Елмар Мамедяров менен жолугушуп, ‘желек түшүрүү’ окуясына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Азери жана Түрк желектери ортосунда эч кандай айырма жок экенин ишендирип, ал “анткени экөөсүнүн үстүндө бирдей түрк шейиттеринин каны бар” деди. Тоолуу Карабак маселесине да кайрылган Түрк министри Анкара Азери жерин басып алуучулардан куткаруу үчүн акыр аягына чейин күрөшө турганын билдирди.

Давутоглу Азери президенти Илхам Алиев тарабынан да кабыл алынды. Ал кечке жуук ‘желек кризиси’ болгон түрк шейиттеринин мазарына зыярат кылды.

Азербайжан бийлиги Тоолу Карабактагы армян оккупациясы соңуна чыкмайынча Түркиянын Армения менен болгон чек арасын ачууга каршы болууда. Чек аралар ачылган абалда Армения Тоолу Карабак маселесин чечүүгө кызыкпай калат деп билдирген ырасмий Баку жакында Армения менен Түркия кол койгон протоколго абдан нааразы болду.

Желек окуясынан мурдарак Түркияга берилип келе жаткан табигый газдын баасын көтөрүү тууралуу кеп козгой баштады. Анкара жараяндын башынан тартып эле Тоолу Карабак чатагы тууралуу өзүнүн Бакуга болгон колдоосун кайталап келген. Бакуда сапарда болгон кезинде азери парламентинде чыгып сүилөгөн премьер-министр Режеп Тайып Ердоган бул маселени мындай деп баса белгилеп айткан:

“Тилибиз бир, динибиз бир, ышкыбыз бир, жолубуз бир, Азербайжан -Түркия бир улут эки дөөлөт, бирдей каалоо, бирдей ниет”.

Армения Тоолу Карабакка басып киргенден кийин Түркия бул өлкө менен чек араларын жаап салган. Ошондуктан Анкаранын Армения менен жарашуу келишимине кол коюп, чек араларын ачып жатканы Бакунун нааразылыгын пайда кылды.

XS
SM
MD
LG