Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Бакиев арызын танбайт, бирок тааныбайт


Кызматынан кулатылган Курманбек Бакиев бүгүн Минскиде маалымат жыйынын өткөрүп, президент катары Кыргызстанга кайтып баруу планы жок экенин билдирди. Ошол эле маалда кызматтан кеткени тууралуу анын арызын парламент бекитмейинче, ал дале мыйзамдуу президент болуп кала берерин айтты.


Баарынан башкысы, Курманбек Бакиев кызматынан кетүү жөнүндөгү арызын өзү жазганын моюнга алып, андай кадамга Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин кеңеши боюнча барганын билдирди:

- Ооба, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 50-беренесине ылайык мен отставкага кетип жатам деп жазгам. Бирок ал шарттарда менде башка жол жок эле. Мен Жалал-Абадда жүргөнүмдө Казакстандын президенти Назабаев менен орус премьери Владимир Путин телефон чалышты. Айрыкча, Путин Бишкекте болгон окуялар үчүн сизди эч ким күнөөлөй албайт, бирок эгерде Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетсе, анда күнөөнүн баары сизге тагылат деди. Анысы чындык эле.

Айтор, бир жарым сааттай созулган маалымат жыйынында экс-президент Курманбек Бакиев кызматтан кеткенин беш жолу кайталап айтып, дагы ошончо жолу "эми мен ал арызымды тааныбайм" деп тескерисинен кетти.

- Мен арызымды жазып берерде тууган-досторума, мени менен иштеген-колдогондор куугунтукталбасын, жайына койгула деп шарт койдум эле. Макул дешкен. Ал шарт бузулду. Тескесинче, алардын баарын коркутуп-үркүтүү, уурдап кетүү, акча-мүлкүн тартып алуу жүрүп жатат, - деп капаланды мурдагы президент. - Ошондуктан мен өзүм жазган арызымды тааныбайм, бирок Кыргызстанга кайра президент катары кайтып баргым келген жок.

- Президент кызматын тапшырганы тууралуу арызын жазганда, аны парламент карап бекитиши керек. Антмейинче арыз күчүнө кирбейт, - деген Курманбек Бакиев азыркы убактылуу өкмөттүн чыгарган декреттери мыйзамсыз, эл аралык уюмдар, чет элдик эксперттердин жардамы менен тезирек Кыргызстандагы жагдайды укуктук жактан жөнгө салуу зарыл деди.

Өзүнүн кызматтан кеткени жөнүндө кабарчыларды чаташтырган Кыргызстандын экс-президенти туугандарын чоң кызматка койгону туура эмес болгон деп өкүнөбү деген суроого жооп берип жатып, бир тууган иниси Жаныш Бакиев тээ Советтер Союзу маалында эле генералдык чинге жеткенин кабарлап, дагы бир жолу маалыматтан жаңылды. Анткени Жаныш Бакиев агасы өлкө президенти болгондон кийин гана генералдык наам алганын Кыргызстандын коомчулугу жакшы билет.

Минскидеги маалымат жыйынында Бакиев соңку күндөрү улам кайталаган сөздөрүн кайра бир сыйра эске салып, экинчи мөөнөткө эл добушунун 70 пайыздан ашуунун топтоп шайланганын, андан да башкысы жакында эле Ынтымак курултайын өткөрүп, жамы журттун колдоосун тапканына баса белгиледи. Беш жыл бийликте турганда элдин баарын ыраазы кылып, далай жолдорду оңдоп, жаңы жол, ишкана, имарат курдурганын айтып мактанган мурдагы президент Кыргызстанда элдик көтөрүлүшкө эч кандай себеп жок болчу деп арданды.



Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Минск шаарынан айткан дооматтарына Бишкектен бүгүн эле жооп кайтарды. Анын айтымында, үч ири өлкөнүн ортомчулугу алдында өлкөдөн чыгып кетип, ары-бери чайкап маалымат бергени К.Бакиевдин моралдык туруксуздугун далилдеп жатат.

“Бизге кызматтан чегингени жөнүндө каттын түп нускасын алып келип беришкен. Анын иниси Жаныш Бакиев өзүнүн кылган кылмышы үчүн изделүүдө. Шаарда тополо уюштуруп, бейкуттукту бузганы үчүн башка инилерин да жоопко тартууга милдеттүүбүз”, - деди Р.Отунбаева. Убактылуу өкмөт жетекчиси 6-7-апрелдеги окуялар толук иликтенип бүткөн соң, анын натыйжасында КМШнын, андан да кеңири чөйрөнүн катышуусу менен К.Бакиев күчтөп алынып келиниши (экстрадиция) мүмкүн экенин айтты.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG