Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Берлин кинофестивалы Батыштагы исламга басым жасады


Берлиндин көчөлөрү фестивалдын эмблемасы менен кооздолду. 17-февраль, 2010-ж.
Берлиндин көчөлөрү фестивалдын эмблемасы менен кооздолду. 17-февраль, 2010-ж.

60-жолу ачылган Берлин кинофестиванын жеңүүчүлөрү ушул дем алыш күндөрү жарыяланат. Саясий жана социалдык киного артыкчылык берген фестивалдын быйылкы башкы темасы – ислам жана Батыш.

60 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Берлин кинофестивалы башынан эле саясий жана социалдык темаларга басым жасап келет. Быйылкы фестивал да ал салтты улантып, тасмалардын башкы каармандары турмушта өз ордун табалбай жаналакетке түшкөн, кандайдыр күнөө сезиминен арылбай кыйналып, экранда коркунуч, согуш, ырайымсыздык маанайы үстөмдүк кылат. Башкы байгеге талапкер саналган бир нече тасма Батышта жашаган мусулмандар дүйнөсүнө кайрылат.

Алардын бири, Германияда жашаган ооган режиссеру Бурхан Курбанинин “Шахада” аттуу филми. Анда Германияда төрөлүп өскөн 3 мусулман кыздын өзүлөрүнүн диний, үй-бүлөлүк каада-салтын карманып, ошол эле маалда аларды Батыштык жашоо-турмуш шартына айкалыштыруу аракетинде алпурушкан жашоосу баяндалат. Үч кыз “момун мусулман” болуу деген эмне? Ал канчалык маанилүү? - деген суроого жооп таппай, басса-турса күнөө сезимин ичине катып жашап келет. Тасма көргөзүлөөр алдында режиссер Курбани элдин суроолоруна жооп берип жатып, кинодогу каармандары анын өзүнүн ички акыбалын чагылдыраарын айтты. “Тасмада мусулмандар жана ислам деген сакалчан араптар гана эмес, ал аябагандай түркүн-түстүү дүйнө экенин көрсөткүм келди”, - дейт теги ооганстандык өнөрпоз.

Австриялык режиссер Фео Аладаг “Кетээр маал келгенде” аттуу тасмасында Германияда жашаган түрктөрдүн консервативдүү, эскичил көз караштагы катмарынын турмушунан бир сүртүмгө кайрылат. Жаш түрк келин күйөөсү менен ажырашкысы келгени үчүн өз атасы аны өлтүрүү чечимин кабыл алат. Аладаг бирок өз тасмасында “абийирдин айынан киши өлтүрүү” салты исламга эч байланышы жок, динге тиешеси жок өтө эски, катаал каада экенин белгилейт.

“Ийри жолдо” аттуу босниялык режиссер Ясмила Збаничтин тасмасынан Босниядагы ислам фундаментализми элдин жашоосуна
Босниялык режиссер Ясмила Збанич, хорват актрисасы Зринка Цвитесич "Ийри жолдо" тасмасын тааныштырышты.
кандай таасир этип жатканын көрүүгө болот. Луна аттуу жаш келин ваххабист болуп кеткен күйөөсү Амар кыска убакыт ичинде таптакыр өзгөрүп, башка киши болуп чыга келгенине таңданып, ага карата сезимин талдап-тааный албай беймаза. Режиссер Збанич 1990-жылдары Балкандагы согуштар элдин аң-сезимине оңбогондой бүлүк салганын айтат.

- Биздин өлкөнү каптаган өткөөл мезгил адамдардын жеке мамилелерине, ички дүйнөсүнө бүлүк салып, өзгөчө аялдар үчүн чоң өзгөрүүлөр алып келди. Элдин көбү динге бурула баштады, мен ошол өзгөрүүнү иликтегим келди.

Берлин кинофестивалында “Иран киносунун азыркысы менен келечеги” деген чоң талкуу уюшулду. Ага чакыруу алган Ирандык белгилүү режиссер Жафар Панахи Тегерандан чыгууга уруксат алалбай келбей калып, окуя чоң эл аралык ызы-чууга айланды. Панахинин “Тегерек” аттуу тасмасы 2000-жылы Берлинде “Алтын арстан” байгесин уткан.

Берлин кинофестивалында быйыл сынчылар атайын көңүл бурган тасмалар арасында орусиялык Алексей Попогребскийдин “Быйылкы жайда баштан өткөргөнүм”, румыниялык Флорин Сербандын “Ышкыргым келсе ышкырам” аттуу тасмалары, жакында Швейцарияда абакта отуруп чыккан Роман Поланскинин “Арбак” аттуу чыгармасы бар. Айтор, коомдогу, адамдын ички дүйнөсүндөгү изденүү, бурулуш, күрөш темасына кызыксаңыз, Берлин кинофестивалында жеңген тасмаларды калтырбай көрүңүз деп кеңеш бермекчимин.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG