Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Ош базары - “шаар ичиндеги шаар”


Кыргызстандын баш калаасы Бишкектеги “Ош базары” өзүнүн турмушу, тартип-эрежелери менен жашап, миңдеген адамдардын кирешесине да, үйүнө да айланган. “Азаттык плюс” апта темасынын (“Менин борбор шаарым”) алкагында Ош базарына саякат жасады.

Жети жаштагы Элиза эки жылдан бери ата-энеси менен бирге ижарага алынган 12 чарчы метр бөлмөдө жашап келет. Ал мектепте жалаң бешке окуйт. Келечекте дарыгер болуп, чоң там сатып алуу менен бул жактан көчүп кетүүнү самайт экен. Себеби алардын бөлмөсү “Ош базарынын” карамагындагы имараттардын биринде жайгашкан.

Бүгүнкү күндө “Ош базарынын” карамагы 63 мекемеге таандык. Анда болжол менен алты миңдей адам эмгектенет. Алар соода жүргүзүүдөн тышкары, дээрлик баардык тармактарда кызмат көрсөтүп келишет.

“Ош базары” ишканасынын башчысы Токтогул Сатубалиев: “Элдин көпчүлүгү азыр базарда иштеп, тиричилик кылышууда. Бизге караштуу жашылча базарда 400 чакты соодагер эмгектенет. Алардын катарында жогорку жана орто билимдүү кесип ээлери да бар”.

Ош базары сыртынан караганда соода жайы болгону менен, ички жашоосу “кичине шаарча” сыяктанат. Бул жердин өзүнүн укук коргоо кызматкерлери, банкирлери, таксисттери, көчө шырыпуучулары, соодагерлери жана дагы көптөгөн кесиптин ээлери бар. Эгер базардан кино көрүүнү кааласаң, атайын видео залдар, тамак ичүүнү кааласаң, көптөгөн ашканалар, жумуш издеп келсең, атайын жарнак илинген аянтчалары орун алган. Бишкекте кандай кызмат көрсөтүлүп же эмне сатылбасын, Ош базардан ошол нерселерди толук табууга болот.

Базардын аймагында жүз чакты имарат орун алган. Алардын ичиндеги бөлмөлөрдүн айрымдары ижарага берилип келет. Ош базарындагы эт сатылчу жайдын экинчи, “Кыял” бирикмесинин төртүнчү кабаты, дагы башка көптөгөн эмарттарда ижарада жашаган үй-бүлөөлөрдү кездештиресиз. Жашылча базарынын күн чыгыш капталындагы имарттын бөлмөлөрүндө жана жертөлөсүндө бир нече үй-бүлөө ижарада турат.

Калийча: Бир уул, эки кызым бар. Айына эки миң сом төлөп квартирада жашайм. Бул имараттын биринчи кабатында биз жашайбыз. Жертөлөсүндө болсо дагы эки үй-бүлөө күн көрүп келишет. Базар ичинде ижарага берилген бөлмөлөр абдан көп.

Наргиза: Менин төрт балам бар. Үч уулум жумушсуз жүрүшөт. Кызым кафеде иштейт. Ош базарынын ичиндеги бөлмөлөрдүн биринде ижарада турам. Үстүнкү кабатта алты түтүн болуп жашайбыз. Айына эки миң сомдон төлөйбүз. Бөлмөлөрдүн шарты жок, сууну дааратканадан алып ичебиз.

Ош базардын ичиндеги имарттардан ижарага бөлмө табуу кыйын. Ал эми базардын тегерегиндеги мейманканалардын бир күндүк акысы 200 сомдон өйдө.

Бишкектегидей эле бул базардын дагы түнкү жашоосу бар. Күндүзү соода кылган эл көп, ал эми түнкүсүн дагы алардын саны азайбайт.

Улан үч жылдан бери Ош базарында компютердик кызмат көрсөтүп жүрөт. “Биздин базар шаар ичиндеги шаарча” дейт ал. “Бул базарда кафе, түнкү клубдар, медициналык жана башка көптөгөн кызматтын түрлөрү көрсөтүлөт, - деди ал “Азаттыкка”. - Эми баардык нерселерди табууга болот деп айта албайм, бирок элге керектүү нерсени тапса болот. Бул жерди мен шаар ичиндеги шаарча деп ойлойм. Көптөгөн адамдар бул жакта иштеп, нанын таап жатышат”.

XS
SM
MD
LG