Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

ФИФА Бишкекке жаңы стадион тартуулады


Жаңы стадиондун ачылыш салтанаты жаш футболчу кыздардын «Үмүт» эларалык мелдеши менен көркүнө чыкты.
Жаңы стадиондун ачылыш салтанаты жаш футболчу кыздардын «Үмүт» эларалык мелдеши менен көркүнө чыкты.

Бүгүн Бишкектеги «Көк-Жар» кичирайонунун аймагындагы Улуттук футбол борборунда жаңы футбол стадионунун ачылыш аземи болду.

«Көк-Жар» кичирайонунун аймагында Улуттук футбол борбору түзүлүп, мурда дагы Эл аралык футбол федерациясынын жардамы менен жасалма аянты менен чакан стадион салынган. Анын чыгыш тарабына Эларалык Футбол федерациясынын «Гол-2» долбоорунун алкагында күйөрмандар үчүн бардык ыңгайлуу шарты бар эки миң орундуу жаңы стадион салынып бүттү. Анын бетаачары бүгүн болуп өттү.

Өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев жаңы футбол стадиону кыргыз футболунун өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылаарын, жаш таланттардын чыгуусуна өбөлгө болоорун «Азаттыкка» билдирди.

-Эл аралык футбол федерациясынын «Гол-2» долбооруна кирүү үчүн көп аракеттерди көрдүк. Бишкекте улуттук футбол борборун түзүп, ушунча чоң аянты бөлдүрүп алуу бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Акыры ФИФАнын көмөгү менен табигый көк чөп менен чакан футбол стадионун салып бүттүк. Анын курулушуна 570 миң доллар каражат кетти. Стадион эл аралык талаптарга ылайык курулгандыктан бир мезгилде 4-5 команда үчүн, калыстар жана ФИФА инпекторлору үчүн да атайын бөлмөлөр салынды. Бул стадион учурдагы баалардын кымбатчылыгын эске алсак, биз үчүн арзанга эле түштү. Бул жаңы курулган стадион өлкөнүн тандалма командаларын даярдоо, машыгууларды жана чакан мелдештерди өткөрүүгө ылайыкташкан. Ушундай эле демилге менен ФИФАнын «Гол-3» долбооруна дагы сунуш киргизип, эмдиги жылы Ош шаарына жасалма чөп менен футболдук стадион курууга каражат бөлдүрүп жатабыз.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде Эл аралык футбол федерациясынан грант алып, өлкөгө бир нече стадион, аянтчаларды куруп жаткан футбол федерациясынын ишмердүүлүгү башкаларга үлгү.


-Чынында ушундай кыйынчылык учурда стадион куруу абдан түйшүктүү иш. Себеби дүйнө жүзүндө 220дан ашуун өлкө болсо, ошонун көпчүлүгү Эл аралык федерациялардан жардам сурайт. Алар менен тил табышып, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу да ийкем дипломатиялык чеберчиликти талап кылат.ФИФАдан бир нече ирет грант алып,Кыргызстанга стадион, футбол аянтчаларын куруп жаткан өлкөбүздүн футбол федерациясы башкаларга үлгү.
Кеңеш доорунда Бишкекте курулган мыкты стадиондорубуз «Инстурментальщик», «Сельмашевец» жана «Алга» футбол базабыз талкаланып, талап-тонолуп кеткени буга күбө. Ал эми футбол дүйнө жүзүндө биринчи спорт оюну катары өнүгүп, өкмөттүк деңгээлде колдоого ээ болуп жатат. Бизде болсо футбол федерациясы жана футбол күйөрмандарынын демилгеси менен гана кармалып турат.

Дене тарбия,спорт, жаштар саясаты боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында Кыргызстандын айрым аймактарындагы стадиондор жеке менчикке өтүп, же чөп басып кароосуз калган. Бул жаңы курулган стадионго эл аралык чоң мелдештерди өткөрүүгө болбосо дагы улуттук курама командаларды даярдоого жарайт.

Ушул жаңы стадиондун ачылыш салтанаты жаш футболчу кыздардын «Үмүт» эларалык мелдеши менен көркүнө чыкты. Бул кыздар футбол мелдешине Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын кыздарынын тандалма командалары катышууда. Кыргызстандын намысын өлкөнүн улуттук тандалма командасы менен Канттын «Абдышата» кыздар командалары коргоп жатат. Мөрөй талашуудагы жеңүүчүлөр 6-ноябрда аныкталат.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG