Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:13

Унаалар убайымы...


Кыргызстандагы бардык женил авто унаа ээлери унааларын 31-июлга чейин техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү салыктарын төлөөсү керек. Бул мөөнөткө чейин техникалык кароодон өтпөгөн жеңил унааларга административдик чаралар колдонула баштайт. Аайрым айдоочулар техникалык кароодон өткөрүүнүн жол-жоболору тууралуу маалыматтар аз болуп жатканын айтышууда.

Жаңы эрежелерге ылайык быйыл өлкөдөгү унааларды техникалык кароодон өткөрүү эки баскычтан турмакчы. Биринчи баскыч боюнча бардык жеңил авто унаалар июль айынын соңуна чейин техникалык кароодон өтүшү керек. Экинчи баскычка кирген жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу көлөмдүү авто унаалар 1-сентябрдан 31-октябрга чейин техникалык кароодон өтүшөт. Көрсөтүлгөн мөөнөттө каттоодон өтпөгөн унааларга административдик жаза иретинде 300 сомдон айып тагылат.

Бишкек шаар көчөлөрүндөгү айдоочулардын айрымдарын кепке тартканыбызда, унааларга салынган салыктардын өлчөмү көп экендигин, ошондой өлчөмдөгү салыктар салынганына жараша жолдорду да жакшылап оңдоодон өткөрүшсө жакшы болмоктугун айтышат.

Ырысбек: - Унаалар үчүн салыктын көлөмү чоң болуп атат. Жумуш болсо жок. Биртке эл ташып акча кылган болобуз, ал болсо эч нерсеге жетпейт. Машине ремонтко эле акча көп кетет. Анткени жолдордун абалы өтө начар. Ошончо акча алганга жараша жолдорду да жакшылап оңдошпойбу. Мен мисалы техникалык кароодон өтүп, 800 сом салык төлөдүм.

Асанбек: - Чынында эле биздин көчөлөрдүн абалы кыйын. Бакиев өткөн көчө эле түз болбосо калганынын кейпи жаман. Жолдун абалы менен салыктын өлчөмүн салыштырсаң, туура келбей калып атат да.

Учурда жеңил авто унаалар моторунун күчүнө, көлөмүнө жараша 800, 1300 сомдун тегерегинде салык төлөшөт.

Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгынын билдиргени боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 423 миң авто унаа катталган. Учурда алардын 30 пайызга чукулу техникалык кароодон өткөн. Башкармалыктын билдирүүсү боюнча, негизинен Кыргызстандыктар май-июнь айларында унааларын кароодон өткөргөнгө көнүп калышкан. Ошол себептүү 31-июлга чейинки мөөнөт калган унааларды каттоодон өткөргөнгө жетиштүү.

Башкармалыктын жетекчи орун басары Кубанычбек Имановдун айтымында, көптөгөн айдоочулар салыкты техникалык кароо пункттарында төлөсө болобу деп жаңылып, андай пункттарда кезектин көбөйүшүн жаратышууда. Андыктан айдоочулар салыкты жергиликтүү салык инспекцияларында тиешелүү документтерди толтуруп, өлкөдөгү бардык банктарда төлөшсө болот.

К.Иманов мындай дейт:

“Техникалык кароо өткөн жерге айдоочулар унааларын гана алып келиши керек. Биз анын сапаттуу жагына гана көңүл бурабыз. Андан тышкары салыгы төлөнгөнүн гана текшерип коебуз. Дагы бир айта кетчү нерсе, 31-июлга чейинки мөөнөт кыйла эле чоң. Бул бир жылдын жартысы. Абийирдүү жана ак ниет салык төлөөчү бул мөөнөттө кантип эле салыгын төлөй албасын...”,- дейт Кубанычбек Иманов.

Айрым айдоочулар, салыкчылар техникалык кароо процесси учурунда бекер бериле турчу кагаздар үчүн да акча алып жатканын айтышты.

Салык кызматынын башкармалык жетекчиси Майрамбек Ажыбаев техникалык кароодо айдоочулар толтурчу кагаздар бекер берилерин айтып, ал кагаздарды саткан салыкчылар болсо дароо билдирүүгө чакырды:

“Бланктар, маалыматтык төлм кагаздары бекер. Эгер андай кагаздарды сатып аткандар болсо, биздин ишеним телефонго кайрылыңыздар. Номуру 611900. Мага деле 610425 телефон аркылуу кайрылсаңыздар, андай кылган салык инспекторлоруна дароо чара колдонобуз”,- деди Майрамбек Ажыбаев.

XS
SM
MD
LG