Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Орусиялык жазуучу Өзбекстандын архивдерине кире албады


Солдон оңго карай жазуучу Григорий Чхартишвили (Борис Акунин) жана адабиятчы Лев Рубинштейн.
Солдон оңго карай жазуучу Григорий Чхартишвили (Борис Акунин) жана адабиятчы Лев Рубинштейн.

Окурмандарына Борис Акунин деген ат менен таанымал Орусиялык белгилүү жазуучу, адабиятчы жана котормочу Григорий Чхартишвилиге Өзбекстандын бийликтери мамлекеттик архивдерине кирүүгө уруксат берген жок. Жазуучу Борис Акунин Өзбекстандын айрым архивдериндеги маалыматтарды жаңы тарыхый чыгармасы үчүн пайдаланууну каалаган.


Орусиялык белгилүү жазуучунун айтымында, Өзбекстандын Москвадагы элчилиги ага чыгармалары үчүн өлкөнүн мамлекеттик архивдеринен пайдаланууга уруксат берилбесин билдирген. Ар кайсы чиновникке жөнөтүп, ары-бери түрткүлөп отуруп Өзбекстан элчилиги жазуучунун өтүнүчү ишке ашпай турганын билдирген.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып белгилүү жазуучу анын эч кандай Өзбекстандын азыркы саясий турмушун жазуу ниети болбогонун, тек гана ал жаңы тарыхый чыгармасы үчүн архивдик материалдардан пайдаланууну көздөгөнүн айтат:

«Мен жаңы роман жазуу үчүн даярданып, алдын-ала маалыматтарды топтошум керек эле. Аны мен өзбек тарапка жакшылап түшүндүрүп айттым. Анткени мен атайын уруксатты талап кылган айрым мамлекеттик архивдерге, анын ичинде Тышкы иштер министрлигине кирүүгө уруксат алышым керек эле. Аны мен жеке тарап катары жасай албайт болчумун. Ошентип мага уруксат беришпегендиктен, менин Өзбекстанга барышыма зарылчылык калбады»,- дейт Григорий Чхартишвили.

Ошондой эле ал Өзбекстандын элчилиги мунун бардыгын ооз жүзүндө гана билдиргенин, кат жүзүндө анын өтүнүчүнө эч кандай жооп болбогонун айтат.

Бул жерде өзбек бийлигине шек келтире турчу эч нерсе болбогонун айткан жазуучу, Өзбекстандан топтолгон материалдар анын жаңы тарыхый романына кирмектигин, ал чыгарманын өзөгү жыйырманчы кылымдын башындагы окуяларды сүрөттөмөктүгүн, эми ал чыгармасы токтоп калганын айтат:

«Мен Өзбекстан тууралуу же Каримов тууралуу жазайын деген оюм жок болчу. Анткени мени бир канча конкреттүү тарыхый фактылар гана кызыктырган эле. Менин чыгармадагы каарманым алгач Түркстанга, анан Тешкенге, кийин Бухарага бармак эле. Ошол жерде чыгарманын кайсы бир бөлүгү сүрөттөлмөк. Менин оюмда азыркы Өзбекстанды же анын саясатын жазайын деген ой такыр жок болчу. Алардын эмнеден чочулагандарын такыр түшүнгөн жокмун. Эгер алар мага колдоо көрсөтүп, уруксат берген болсо аларга сый иретинде деле мага жакпай калган нерселерин айтмак эмесмин. Бул эми адамкерчиликке деле жатпай калат да»,- деди Григорий Чхартишвили.

Борис Акунин деген ысым менен таанымал жазуучу Григорий Чхартишвили 1956-жылдын 20-майында Грузияда туулган. Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча тарыхчы-жапон таануучу.

Акунинге анын «Жаңы детектив» сериясы алдында чыккан «Эраст Фандориндин укмуштуу окуялары», «Бир тууган Пелагиялардын укмуштуу окуялары» аттуу чыгармалары атак алып келген. Ал чыгармалардын негизинде көпчүлүккө белгилүү «Азазель», «Турецкий Гамбит», «Статский советник», «Пелагия жана ак бульдог» аттуу кино тасмалар тартылган.

XS
SM
MD
LG