Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Ж. Акенеев: Борлаугдун илимге кошкон салымы зор


"Жашыл революциянын" атасы Норман Борлауг (Norman Borlaug)
"Жашыл революциянын" атасы Норман Борлауг (Norman Borlaug)

Мурдагы айыл чарба министри, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев менен америкалык окумуштуу Норман Борлаугдун ишмердиги боюнча маек.

- Жумакадыр мырза, Кошмо Штаттарда Норманн Бурлог деген Нобель сыйлыгынын лауреаты, окумуштуусу бул дүйнөдөн өтүптүр. Ал кишинин эмгектери биздин Кыргызстандын чарбасында пайдаланылган беле, ал кишинин бизге тааныштыгы барбы?

- Туура айтасыз, мен айыл, суу чарба министри болуп иштеп жүргөндө делегация менен барып, Мексикада Симит деген мекеме бар, ошол киши уюштурган. Ал жерде дүйнө жүзүндөгү болгон болгон өсүмдүктөрдүн бардыгынын уруктары бар. Абдан тыгыз таанышып, Кыргызстанга кандай пайдасы болот деген маселе боюнча биз барып келгенбиз.

Кыргызстанга эң пайдалуу болчу ошол борбордун өсүмдүктөрү. Мына буудайдын, башка өсүмдүктөрдүн уруктары бар экен. Мисалы, ошол буудайды кургакчыл кезде бир гана жолу сугарып, анан жакшы түшүм берген буудайдын сортун бизге көргөзүп, Кыргызстандын шартында кайрак-кайрак жерлерге ошону сепсе болот деп ошону алганбыз.

Кийин Америкага барып Вашингтон шаарынын 3 жарым миллион долларлык грант алганбыз Агрардык академияга. Кийин ал иш жүргүзүлүп аткан, бирок азыр жыйынтыгы кандай болгон экенин мен билбейм. Аны академик Жамин Акималиевич жакшы билет болуш керек.

- Демек Кыргызстанда окумуштуу Борлагдун эмгектери пайдалануу иш жүзүндө болгон экен да?

- Ооба, кийин мен Айыл чарба министрлигинен келгенден кийин эле бир айдан кийин бошоп калдым. Кийим менин угушум боюнча Агрардык академия ошол өсүмдүктөрдү Кыргызстанга алып келип, алар боюнча иштеп, эл аралык семинарларды өткөргөнбүз.

- Бул окумуштуунун дүйнөлүк калкты азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы эмгегин, салымын кандай баалайсыз?

- Нобель сыйлыгынын эки лауреатынын иштери менен өзүм министр болуп турган кезде тааныштым. Индияда “ак революциянын атасы” деп, бул болсо “жашыл революциянын атасы”. Чындап келгенде ушул өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн баардыгы Африкада абдан кургакчыл жерге колдонуп, миллион-миллион деген адамдар өзүнүн жанын ошону менен сактап калды. Салымы абдан зор деп эсептейм.

- Бизде бул окумуштуунун эмгектерин мындан ары кеңирирээк үйрөнүп, пайдаланууга аракеттенсе болот экен да?

- Сөзсүз түрдө болот. Мындан 4-5 ай мурун Мексиканын элчиси келип Дипакадемияда жолугушуу өткөргөндө мен суроо бергем, ушундай жакшы иштерди баштадык эле, ушуну кайра баштасак кандай болот эле десем, макулдугун берди. Офиси Пакистанда Карачиде экен. Мен ойлойм, ушунун артынан түшүп алып, Кыргызстанга керектүү өсүмдүктөрдү алып келип, бир топ проблемаларды чечсек болот бүгүнкү күнү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG