Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:50

Британ саясатчылары казынадан кантип акча өндүргөн?


Британияда өлкөдөгү эки ири партиянын депутаттары чыгымдарын казынадан кантип кайтарып алгандыгы боюнча маалыматтардын ачыкка чыгышы коомчулукту ден-дароо кылды жана премьер- министр Гордон Браундун өкмөтүнүн анысыз деле төмөн беделине сокку ургансыды. Браун бүткүл саясатчылардын атынан элден кечирим сурады, бирок бул коомдун ачуусун басуу үчүн жетишсиздей өңдөнөт.

Британияда депутаттардын базалык айлыгы доллар менен эсептегенде дээрлик 100 миңди түзөт. Бул өлкөдөгү орточо кирешеден эки эсеге көп дегенди билдирет. Бирок мындан сырткары да парламент мүчөлөрүнө мыйзам өз ишин натыйжалуу аткаруусу үчүн казынадан кошумча он миңдеген доллар алууга укук берет.

Алсак британ парламентарийлери башкаала Лондондо же өз округдарында экинчи үйүн кармоо үчүн жылына казынандан 36 миң долларга чейин төлөтүп алууга укуктуу. Буга кошумча үйүнөн сыртта, парламенттин иши менен жүрүп жеген тамак –ашы үчүн жылына эң көп дегенде 10 миң доллар төлөтүп алуусуна мыйзам жол берет. Жылына 10 миң долларга чейинки акча кагаз, кеңседе керектелүүчү башка буюмдарды сатып алуусу үчүн бөлүнөт.

Казынанын эсебинен жабылуучу чыгымдардын тизмеси мындан башка да бир топ. Ал эми өлкөдө тутанган соңку жаңжаалга бийликтеги Лейбористтик партия менен оппозициядагы Консервативдик партиянын парламенттеги мүчөлөрү эл эсебинен төлөнүүчү чыгымдарын кандай жол менен пайдалангандыгы түрткү берди. Маалыматтарды болсо коомчулукка консервативдик маанайдагы “Daily Telegraph” гезити шардана кылды.

Казынадан акча алуу үчүн тапшырылган эсептер ар кыл

“Daily Telegraph” жарыялаган маалыматтарга караганда, депутаттардын казына эсебинен жабылган чыгымдарынын айрымдары олуттуу болсо, айрымдары күлкү келерлик. Маселен парламент мүчөлөрүнүн бири өрттөн бузулган үйүн оңдоо үчүн 45 миң доллар, экинчиси бакчасын кармаганы жана чөп кыркуучу машинасын оңдоткону үчүн 5 миң долларга эсеп берген, үчүнчүсү үйүндөгү 25 лампочканы алмаштыргандардын акысы үчүн 150 долларга эсеп алып келсе, дагы бири итинин тамагы үчүн суммасы 6,75 долларды түзгөн чек өткөргөн.

Түндүк Ирландиядан шайланган беш депутат беш жыл ичинде Лондондогу батирлери үчүн 800 миң доллардан ашуун акча коротушканын ырасташкан, бирок “Daily Telegraph” гезити жазгандай алар көргөзгөн батирлеринде эч убакта жашашкан эмес. Ал эми өкмөттүн бир министри атүгүл эки жыл ичинде ажатканасындагы отургучту эки ирээт алмаштырганын күбөлөндүргөн документ тапшырган. Аталган басылма парламентарийлер тууралуу гана жарыялап тим болбостон, премьер- министр Гордон Браунду баш кылып, өкмөттүн 13 министринин казына эсебинен кайтарылган чыгымдары жөнүндө да кабарлады.

“Daily Telegraph” гезити жарыялаган маалыматка караганда, мисалы премьер- министр Гордон Браундун өзү 2004-2006 –жылдардын аралыгында батирин жыйнап берген кызматы үчүн бир тууганы Эндрюга 6500 фунт же 9700дөй доллар төлөп берүүсүн суранган. Британ өкмөт башчысынын кеңсеси – Даунинг стрит муну Гордон Браун менен анын бир тууганынын үйүн бир адам жыйнаган, ушундан улам премьер бир тууганынын чыгымын төлөп берүүнү чечкен деп түшүндүрдү. Британ өкмөт башчынын бир тууганы болсо EDF Energy деген компаниянын жетекчи кызматтарында иштейт экен.

Кечирим суроо

Айтор ушуга окшогон маалыматтардын топтомун “Daily Telegraph” басылмасы өткөн апта ичи биринчи беттерине жарыялаган. Анын соңунан 11 - май күнү премьер- министр Гордон Браун парламенттин атынан элден кечирим сурады:
Гордон Браун


-Саясий ишмерлер сыяктуу эле биз да, биздин кесипке баш байлагандар элге өз кызыкчылыгы үчүн эмес, коомдун кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуусун көргөзүүгө жоопкербиз. Демек мен саясатчылардын, баардык партиялардын атынан соңку күндөрү орун алган окуялар үчүн кечирим сурайм.





Ал эми оппозициядагы Консервативдик партиянын лидери Девид Камерон болсо парламент мүчөлөрү азыркы системаны реформалоо зарылдыгын моюнга алуусу керектигин айтып чыкты:

-Биз бүгүн коомду ачуулантары анык нерселерге күбө болуудабыз жана алар система реформалануусу керектигин көргөзүүдө. Парламенттин мүчөлөрү эмнени суранганын жана эмне үчүн суранганын жеке өздөрү түшүндүрүп берүүсү керек. Ал эми жалпысынан биз баарыбыз колубузду көтөрүп туруп, биз иштеп жаткан системаны караңыз жана ал толугу менен туура эмес пайдаланылган деп айтабыз.

Шайлоону утурлай урулган сокку

Айтор бул жаңжал Гордон Браундун экономикалык кризистин айынан ансыз деле кадыр –баркы кетип турган өкмөтүнүн беделине олуттуу сокку урду окшойт. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Лейбористтик партиянын эл арасындагы бедели тарыхта болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшкөнүн, аларды элдин 23%гана колдоорун көргөзүүдө. Ал эми оппозициядагы консерваторлордун бедели мындан эки эсе жогору экенин эске алганда, 2010-жылдын орто ченинде өтүүчү шайлоодо лейбористтер уттуруп коюшу ажеп эмес. Келерки айда болсо жергиликтүү кеңештерге жана Европарламентке шайлоо өтөт. Эгер бул шайлоо лейбористтер үчүн жеңилүү менен аяктаса, Гордон Браунга кызматтан чегинүүсү үчүн кысым күчөйт жана ал мындайга барса, Лейбористтик партияны келерки жылдагы жалпы шайлоого жаңы лидер баштап баруусуна жол ачат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG