Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Борбор Азиядагы президентке жагынуу жана сыйынуу салты


Түркмөнстан: Ашгабаттагы аянтта Сапармурат Ниязовдун алтын жалатылган айкели
Түркмөнстан: Ашгабаттагы аянтта Сапармурат Ниязовдун алтын жалатылган айкели

Борбор Азия калкы басса-турса өлкө президентинин сүрөтү көзгө урунганына көнүп деле бүткөн. Мамлекет башчынын портреттери – майда-барат чиновниктердин кабинетинен баштап башкы көчөлөрдөгү көрнөктөргө чейин ээлеп турат. Анысы аз келгенсип, эми казакстандык кошоматчылар Нурсултан Назарбаевдин алтын жалатылган айкелин орноткусу келсе, тажик жетекчилери Эмомали Рахмонго “Улуу урматтуу” деп гана кайрылчу болгон. Президенттин керт башына сыйынуу – Борбор Азиядагы саясатчылардын аң-сезимине сиңип калган салтпы?

31-май күнү Түркмөнстанда жыл сайын белгиленчү улуттук килем күнү майрамдалды. Ага арнайы Ашгабатта колго жасалган түркүн түстүү килемдер көргөзмөсү өттү. Албетте, андагы эң кооз, кубулжуган килемде түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү басылган.

Түркмөндөр мурдагы президенти Сапармурат Ниязовду Түркмөнбашы атап, жаратканга теңеп келишкен.
Түркмөндөр мурдагы президенти, маркум Сапармурат Ниязовду “журт атасы” – Түркмөнбашы атап, аны керек болсо жаратканга теңеп, бардык жерде даңазалап отуруп, жеке адамдын керт башына сыйынуу жагынан дүйнөгө атагы тараган. Ниязов капыстан кайтыш болуп, анын ордун жаңы президент Бердымухамедов баскандан бери жагдай көп деле өзгөрүп кеткен жок. Болгону – эми түркмөн гезит-журналдарынын башкы беттери менен бардык коомдук ишкана, транспортторго жаңы президенттин сүрөтү илинди.

Башка Борбор Азиялык өлкөлөр деле Түркмөнстандан анча алыс кеткен жок. Казакстандын башкалаасы Астананын ар бир бурчунда президент Назарбаевдин жаркыраган портрети илинип турат, сүрөтү жок жерде анын учкул сөздөрү, чакырыктары бажырайта басылган.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмонду даңктап-даңазалоо ал өзү күткөндөн да ашып кетсе керек, жакында ал кол астындагы жетекчилерге өзүнүн жайнап кеткен сүрөттөрүн алып салууга буйрук берди. Ошондон бери Дүйшөмбү шаарынын көчөлөрүндө далай көрнөк бош калып, көзгө олдоксон учурайт. Дүйшөмбүлүк журналист Кироншох Шариф мунун баары утурумдук көрүнүш деген пикирде:

- Тажик президенти бул маселеге биринчи ирет кайрылган жок. Буга чейин деле ал менин атымды, сүрөтүмдү, айткан сөздөрүмдү ашыкча пайдаланбагыла деп эскертип келген. Аздан соң аны унутумуш болуп, ары дегенде беш жыл ичинде кайра бардык жерге илишет.

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин ысымынын башталышын ал өзү түптөгөн саясий партияга ыйгарып “Нур-Отан” деп атап коюшту эле, ошону менен Казакстанда “нурлаштыруу” кампаниясы от алып, азыркы тапта фергана.ру маалымат агенттиги кабарлагандай, 2000дей ишкананын аталышы “Нур” деген сөздөн башталат экен. Казак президентинин атына сыйынган андай миңдеген бизнесмендер арасынан суурулуп чыгып, жакында саясатчылар тобу Астанадагы аэропортко Назарбаевдин ысымын ыйгарууну сунуш кылышты. Эмдиги жылы Нурсултан Назарбаев 70 жашка толот экен, ага арналган эки чоң эстеликке Казак Хандыгы аттуу менчик компания 330 миң доллар бөлгөнүн жарыялады.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов алыскы келечекти ойлоп атса керек, азыркыга дейре анын авторлугу алдында 30 миллиондой нускадагы китеп жарык көрүптүр. Каримовдун китептери студенттер менен окуучулар окуп-үйрөнүүгө милдеттүү адабият тизмесине киргизилген, антпесе карапайым окурмандар ага кызыгып окубай коет шекилдүү.

Элдик көтөрүлүштөр аркылуу бийликке келген кыргыз президенти Курманбек Бакиев - коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлерине караганда саясий тажрыйбасы да, салмагы да аз жетекчи. Бирок анын соңку аракеттери Бакиев алдыңкы, прогрессивдүү тажрыйбадан көрө коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн эрежелерине көбүрөөк ыктаарын көргөзүүдө. Колуна бардык саясий жана финансылык бийликти топтоп, элди өзүнөн алыстаткысы келсе, ага деле “улуу урматтуу” деп кайрылчулар четтен табылаары талашсыз.

Тасмада: Азербайжан: Керт башка сыйынуу салты

Фатима Садыгова Азербайжан президенти Илхам Алиевдин сүрөтү түшүрүлгөн кымбат баалуу килемдерди согот. Килемдер кымбат болгонуна карабастан жакшы сатылганы - азербайжандыктар Алиевдердин династиясын кубаттап келерин тастыктайт. ZMa.

Азербайжан: Керт башка сыйынуу салты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG