Тажикстандын мурдагы башкы прокурору Бобожон Бобохоновдун уулу Файзулло Бобохонов кызматынан бошотулуп, камакка алынганы жөнүндө 10-августта “Азаттык” үналгысы кабарлаган. “Азия-Плюс” маалымат кызматы 10 жыл бою башкы прокурор болуп иштеген Бобожон Бобохонов менен маек куруп, акыркы жылдары мурда бийликте иштегендерге кысым көрсөтүү көп болуп жатканын, кызматынан кеткен адамдар өкмөт менен бардык байланышын жоготору жөнүндө маалымат алды.
Камакка алынган Файзулло Бобохонов буга чейин Тажикстандын Гиссар районунун прокурору болуп иштеген. Анын камакка алынганы, мүлкүнүн, унаасынын жана үйлөрүнүн конфискацияланышы жөнүндөгү баяндамалар ушул аптада гана чыккан. Ага азыр “20 миң доллар акчалай пара алды”, “ыйгарым укугун бузду” деген айыптар тагылууда. Антикоррупциялык кызматтын маалыматы боюнча, эгерде Файзулло Бобохонов күнөөлүү деп табылса, ал эң кеминде 12 жылга кесилет.
Бобохоновдон тышкары акыркы алты айдын ичинде 15 райондук прокурор так ошондой күнөө менен ишинен алынган. Файзулло Бобохоновду жана башка прокурорлорду камакка алуу аракеттерин ошол учурда коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси болуп иштеп, азыр башкы прокурордун ордун ээлеп калган Шерхон Салимзода жетектеп келди.
Шерхон Салимзоданын айтымында, анын максаты бул сот структурасында коррупцияны жоюу.
“Биз корупция менен байланышкан бардык прокурорлорду жана алардын жетекчилиги астында иштегендерди кызматтан кетирдик. Восе районунун жана Хатлон провинциясынын прокурорлору, башка майда сот кызматкерлери «500дөн 6 миң долларга чейин пара алды” деп айыпталып жатат» деди Шерхон Салимзода.
Коррупцияга каршы кызмат 2007-жылы ачылган. Анын башында Шерхон Салимзода туруп, кийин Бобожон Бобохонов башкарган башкы прокурор кызматына жеткенге аракет жасап келген. Ал экөөнүн ортосунда көптөн бери кастык күчтүү болуп келген экен.
Көз карандысыз эксперт Саймиддин Дустов: “Мамлекет кызматынан кеткен адамдар саясий таасиринен толугу менен ажырайт, мамлекет менен бардык байланыштары жок болот, ошол үчүн алар өздөрүн коргой албай калат” деди.
«Бобохоновко окшогондорду бай деп ойлоп аңдышат. Ошол эле маалда бул жакта “башкаларды коркутуш үчүн өзүңдүн жакындарыңды кордо” деген элдик макал орундуу болор» деди Дустов мырза.
Бобожон Бобохонов менен жолугушкан жергиликтүү кабарчы Сухроби Рустам Бобожоновдун көңүлү чөккөнүн, уулуна санаа тарта берип, ден соолугу начарлап кеткенин айтат.
«Бобохонов камакта отурган уулуна залака тийгизбейин деп ар бир сөзүн бир нече жолу кайталап, коркуп жатты. Баласынын иши боюнча Бобохонов көп жолу президент Рахмон менен байланышканга аракеттенген. Бирок аны киргизишкен жок» деп кабарлады Рустам Сухроби.