Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Чечен бийлиги Сталин жүргүзгөн саясатты карманабы?


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров

Ушул жылдын 13-январында Венада Чеченстандын күч органдарынын биринде мурда кызмат өтөгөн, Австрияда бозгунда жүргөн Умар Исраиловду кимдир бирөө атып кеткен. 28-мартта Дубай шаарында «Восток» батальонунун мурдагы командири Сулим Ямадаевге да кол салынган. Бул эки окуяга тең Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун тийиштиги бар деген кеп тарады. Бирок Рамзан Кадыров мындай айыптоолорду четке кагып келет.

9-апрелде Москванын Басман соту Руслан Ямадаевди аткан кишилерди кармоо боюнча буйрук чыгарган. Москва шаардык сотунун маалымдашынча, бул окуяга тийешеси бар делгендер кармалган.

Бир тууган Ямадаевдер өткөн жылы жумурият башчысы Рамзан Кадыров менен айтышып калган. Ошондон көп өтпөй (24-сентябрда) Руслан Ямадаевди Москвада кимдир бирөөлөр атып кеткен.

Ушул жылы 9-апрелде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дубайда жашаган бир туугандардын дагы бирөө - Сулим Ямадаевдин дайыны белгисиз деген маалыматты тараткан. Себеби Сулим киши колдуу болуп өлгөн соң, кылмышты иликтеген Дубай полициясы ага тийиштиги бар деп, Чеченстандан Мамдумага депутат болуп шайланган Адам Делимхановду көрсөткөн. Буга жооп жазган Делимхановдун катын депутаттын жардамчысы Темерлан Межидов журналисттер алдында окуп берген:

- Бул жагдайда, мен Чеченстандын ырааттуулугун ыдыратуу үчүн жасалган аракет жана чагым дегенден башка эч нерсе дей албаймын.

Ошол эле учурда бир тууган Ямадаевдердин дагы бири - Иса, агасы Сулимге кол салуу болгону чын, бирок ал тирүү деген да маалыматты таратууда.

Ушундай жагдайдан улам серепчи Аслан Дукаев акыркы он жыл арасында Чеченстандын саясаты кезегинде Сталин жүргүзгөн жолдо баратат деген пикирин ортого салды.

Дагы башка серепчилердин баамында Рамзан Кадыровдун бозгунда жүргөн каршылаштарын кайра Чеченстанда чогултуу аракети, ошондой эле аларга ал жактардагы диаспора жаатын колдоосу менен «тазалоо» да жүргүзүп атышы ырас, бирок аны орусиялык атайын кызматтын көмөгү менен жасайт дешет. Мындай ойдун ээси - «Мемориал» коомунун мүчөсү Александр Черкасов:

- Алгачкылардан болуп Зелимхан Яндарбиевдин көзү тазаланды. Аны аткандарды Катар соту өлүм жазасына кести. Орусия бийлиги кийлигишип, бошотуп алып келгенде, алардын учактан чыккан жолуна килем төшөп тосуп алды. Эмне үчүн?

Ал эми Чеченстандын ичинде тилге келбеген тарап деп эсептелген жарандардын үйлөрүн өрттөө адатка айланып калганын Human Rights Watch уюмунун Москвадагы бөлүмүнүн жетекчиси Татьяна Локшина айтат. Анын сөзүнө ылайык, Чеченстандын Шали, Аргун, Самашки жана башка райондорунда 20дай үй өрттөлгөн.

XS
SM
MD
LG