Чилинин түндүгүндөгү Атасама чөлүндө жайгашкан Сан Хосе алтын жана жез кенинде 33 кенчи 662 метр тереңдикте 69 күндүк өмүрүн өткөрүштү. Бишкек убактысы боюнча 13-октябрга караган түнү ошол 33 кенчинин алгачкысы Флоренсио Авалостун жер үстүнө алынып чыгылышын чогулуп тургандар зор кубаныч менен кабыл алышты. Ал жерде Чилинин президенти Себестьян Пиньера өзү да турду:
-Флоренсио мага ал жана кесиптештери бул 69 күндүк туткун учурунда сезген колдоо үчүн Чилиге жана чилиликтерге ыраазчылыгын билдирди. Алгачкы эле учурдан тартып, алар жалгыз эместигин сезишти. Биздин сөздөрдү, адамдын колунан келгендин баары жасоо боюнча биздин аракеттерибизди угуп жатышты.
Алтын жана жез кенинин кенчилер камалып калган бөлүгүнө жетүү үчүн бургулоо жолу менен кууш тешик оюлду жана бул үчүн 33 күн сарпталды. Ал эми кенчилерди жер үстүнө чыгаруу үчүн атайы даярдалган, бир гана адам кысылып бата турган капсула колдонулууда.
Жер алдындагы 33 кенчинин ичинен өйдөгө экинчи болуп алынып чыгарылган Марио Сепульведа кабарчылар менен болгон маегинде түпкүрдөгү сыноо анын Кудайга ишенүүсүн күчөткөнүн жана адамдар бириккенде эмнеси болсо да жасай аларын көргөзгөнүн белгиледи. Анын пикиринде, кенчилердин башынан өткөргөндөрү Чилидеги жана дүйнөдөгү кенчилердин иштөө шартын жана коопсуздугун жакшыртуучу мүмкүнчүлүк катары да каралуусу керек:
-Менимче, эгер жашообузда биз туш болгондой нерсеге кабылышыбыз мүмкүн деп эсептесек, биз андан башка кырдаалдарга да туш болушубуз ыктымаал. Бирок менен башыман өткөргөндөргө ыраазымын, себеби муну өзгөрүү жасай турган учур деп эсептеймин. Менимче бул өлкө өзгөрүү жасай турган учур келгенин түшүнүүсү керек. Эмгек рыногунда көптөгөн реформалар жасалуусу абзел.
Ал эми президент Пиньера өз сөзүндө бул кырсыктан сабак алынгандыгын убада кылгандай болду:
-Кенчилер, жер титирөөдөн ( февралда болгон) запкы тарткандар, андан кийинки калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жаткан жумушчулар да качан Чили бириккенде, биз коркунучтар учурунда дайыма ушундай кылабыз, чоң эрдиктерге жөндөмдүү экенин көргөздү. Биздин өлкө кыйын учурларда өзүн жакшы жагын көргөзүүдө. Бул кен кырсыктардын узун тарыхына ээ. Андыктан биз бул жерде иштегендердин өмүрүн, коопсуздугун кепилдемейинче кен кайра ачылбайт.
Кенчилер жер алдында аман-эсен экендиги кырсыктан 17 күндөн кийин гана маалым болгон. Башында суу жана башка тамак-аш түтүк же труба аркылуу түшүрүлүп турду. Бара-бара кенчилер менен байланыш түйүнү орнотулду. Чилинин бийликтери кенде жер алдында калгандардын жакындары, туугандары үчүн лагер уюштурду. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кенчилердин баарын жер алдынан алып чыгуу үчүн эки күндөй убакыт кетүүсү мүмкүн. Тоо-кен өндүрштүн тарыхындагы адаттан тыш куткаруу операциясынын акыркы баскычын чагылдыруу үчүн дүйнөдөн 1300дөн ашуун кабарчы чогулду. Аман-эсен алынып чыккан кенчилер ооруканага жөнөтүлүүдө. Психологдор жер алдында жана караңгылыкта жашоо боюнча эң узак убакытты баштан кечирген кенчилердин айрымдары алдыдагы айларда жана апталарда стресттен арылууда кыйынчылыктарга кабылуусу мүмкүн экендигин эскертишкен.