Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Кытайга быйыл кыйын болот


Кытай - премьер Вэн Цзябао жана төрага Ху Цзинтао Жалпыкытай эл өкүлдөр жыйынынын жаңы ачылган сессиясында. 5-март 2009-жыл.
Кытай - премьер Вэн Цзябао жана төрага Ху Цзинтао Жалпыкытай эл өкүлдөр жыйынынын жаңы ачылган сессиясында. 5-март 2009-жыл.

Экономикалык кризис Кытайды келечектеги өнүгүү багытын ойлонуп көрүүгө мажбурлай баштады.Кеп мурдагы стратегияны кармануу керекпи же экономиканын жаңы усулуна өтүү зарылбы – мына ушул маселеде турат.

Кытайлыктарда: “Тоого көп барган адам акыры бир күн жолборско жолугат”,-деген накыл сөз бар. Ушул укумчул кептин маңызы өлкө азыр туш болгон абалга да абдан төп келет.

Кытайдын экспортко негизденген экономикалык стратегиясы акыркы он жылдыкта өзгөчө ийгиликтүү болду. Өлкөнүн алтын-валюта наркындагы резерви 2 триллион долларга жетти.

Бирок азыркы кризистин айынан Батыштагы жана башка жактардагы кардалдар кытай товарларын баштагыдай басып-талап албай калышты. Экспорттун көлөмү 17,5 процентке кыскарды.

Өкмөттүн премьери Вэн Цзябао да жалпыкытай эл өкүлдөр жыйынын курултайында быйылкы жыл өлкөнүн экономикасы үчүн кыйын болорун эскертип,муну дүйнөлүк финансы кризиси менен түшүндүрдү.

Азыркы кризисти адистер бир жылда эле бүтпөйт деп атышат. Мындай шартта Кытай эки айрылыш жолдун тоомуна кептелет. Эми ага же эски стратегияда калганга, болбосо экономикалык жаңы тарыйкага өткөнгө туура келет.

Пекин университетинде экономикадан сабак берген профессор Майкл Питтис бу проблема ансыз да ушу тапта кызуу талкуу-талаштардын темасы болуп жатканын ырастады.

Өкмөттөгүлөрдүн бир жааты эски стратегияны анча-мынча оңдоп-түздөп, бирок түп негизин сактап калуу керек дешет. Атап айтканда, экспорт тармагын дале инвестициялоону улантканга, ишканаларды банкрот болуудан сактап калууга, бул үчүн аларга кошумча каражат берүүгө чакырышып, муну менен жумушсуздукту азыркы деңгээлде кармап турса болорун айтышууда.

Экинчи тараптагылар экономика үчүн нормалдуу шарт түзүүнү, биринчи кезекте аны ички керектөөнү өстүрүүнү сунуш кылышат. Алар адатта Кытайда реформалар кризис маалында же андан соң башталганын эске салышып, бул жолку кризис да маанилүү реформаларды өткөрүү үчүн өтө оңтойлуу болуп турганын, мунун аркасында тарыйка өзгөрөрүн, өлкөдө экономикалык жаңы модел түзүлөрүн ырасташат.

Экономисттердин көпчүлүгү Кытай туруктуу өнүккөн экономикага ээ болгусу келсе ага ички рыногун өнүктүргөндөн башка жол жок дешет.

“Кытай азыркы экономикалык усулун оңдоп-түздөп чыгары калетсиз,-дейт профессор Питтис. – Бул оңой-олтоң болбойт, ошентсе да акыры келип он же он беш жыл ичинде өз үзүрүн берет деген үмүт бар. Ошондо Кытай азыркыдай тышкы рынокко эмес, биринчи кезекте өзүнүн ички рыногуна, анын кудуретине көз каранды болгон өлкөгө айланат”.

Өкмөт быйыл экономиканы колдоо максатына 585 миллиард доллар акча сарптаганы жатат жана өндүрүштүн жылдык өсүшү 8 процент өлчөмүнөн кемибейт деп үмүт кылат. Баары болуп 9 миллиондон ашуун кошумча жумуш орундары түзүлөт.

Ошол эле учурда экономисттер эсебинде бюджет тартыштыгы быйыл 140 миллиард долларга жетиши мүмкүн.

Иш кылып, соңку он жылдан бери өргүү билбей өсүп келаткан Кытай быйыл “жолборско жолукканы” турат.

XS
SM
MD
LG