Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Google Кытайды «чанып», Гонконгго көчтү


Google аталган интернетте маалымат издөө системасы кытай тилиндеги тейлөөсүн Кытайдын материк тарабынан Гонконгго алып кетти. Америкалык компаниянын бул кадамы Kытайды нааразы кылды. Google Кытай издөө сайтын цензураланып жаткандыктан, ушул кадамга аргасыз болгондугун айтууда. Кытай Google жазуу жүзүндө берген убадаларынан баш тартты деп айыптады.

Интернеттеги АКШнын Google дөө-шаасы Кытай тыкыр көзөмөлдөй баштаган издөө системасын сөз эркиндиги азыраак көзөмөлдөнгөн Кытайдын атайын аймагы - Гонконгго көчүрдү.

Мындан ары интернеттеги кытай тилдүү колдонуучулар Кытай бийликтери ачыкка чыгышын каалабаган социалдык жана саясий маалыматтарды окуй алышмакчы. Мындай кырдаалды болтурбоо үчүн Кытай бийликтери кандай чара көрөөрү азырынча белгисиз.

Батыш кабар агенттиктери мурдатан алынып салынган маалыматтар камтылган интернет сайттар жаңы издөө сайттарында пайда болгондугун, бирок аларды ачуу мүмкүн эмес болуп жаткандыгын айтышууда.

Корпоративдик блогунда Google январь айында Кытайдан «өтө билгичтик менен кибернетикалык чабуул» болгонун, бул чабуул Кытайдагы укук коргоочулардын электрондук почталарын бутага алгандыгын жазды. Ушул өңдөнгөн окуялардан улам Google өзүнүн маалымат издөө системасын «Кытайдын цензуралай беришине мындан ары жол берүүгө болбойт» деген бүтүмгө келген.

Google компаниясынын Брюсселдеги маалымат катчысы Билл Эчиксон "Азаттыкка" буларды баяндады:

- Биз январь айында эле цензура маселесин көтөрүп, маалымат издөө жыйынтыгы чектелген шартта иштей албай тургандыгыбызды айтканбыз. Кечээ сөзүбүздүн өтөөсүнө чыгып, мындай жыйынтыктарды цензуралоону токтоттук.

Эчиксондун айтымында, Кытай бийликтери азыр Google баракчасын блокадалап жаткан болушу мүмкүн, бирок ал мындай аракет болбойт деп үмүттөнөт.

Google компаниясынын Гонконгго көчүшү Кытай бийликтеринин кыжырына тийди. Кытайдын Эл аралык Изилдөөлөр боюнча Улуттук биримдигинин кытайлык мүчөсү Виктор Гао Ройтерс сыналгысына Google компаниясынын соңку кадамы абалды «дагы начарлатат» деп эскертти:

Кытай тилиндеги кызмат системасын Гонконгго көчүрүп, мурдатан милдеттүү болгон бардык маалымат чыпкаларын алып салуу кырдаалды чындап эле абдан начарлатышы мүмкүн. Кытай өкмөтү эмне кылышты өзү чечиши керек. Өзүңөр билгендей, кытай өкмөтүн мындай жүрүштөр менен сестентиш мүмкүн эмес.

Бул окуялар АКШ менен Кытайдын мамилесин дагы начарлатат болуш керек. Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Чин Гаң 23-мартта Google маселеси «саясатташып кетпесе эле», Вашингтон менен мамилеге зыян келбейт деди. Муну Кошмо Штаттарына карата Google жана цензура маселесин май айына белгиленген экономикалык сүйлөшүүгө аралаштырбоо эскертүүсү деп кароого болот. Жыл башында мындай сүйлөшүү бир катар талаш маселелерден улам, анын ичинде Интернет эркиндигине байланыштуу үзгүлтүккө учурап калган эле.

XS
SM
MD
LG