Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Жапония Кытайдан кечирим суроодон баш тартууда


Жапония кытайлык суу кеменин капитанын кармагандыгы үчүн кечирим суроодон баш тартууда. Балыкчылардын кемеси эки өлкө ортосундагы талашка түшкөн аралдардын жанынан кармалган.

Капитан Чжан кое берилгени менен Бээжин менен Токионун мамилелери кески сууп кетти. Балык улаган траулер 8-сентябрда Чыгыш Кытай деңизинде япониялык жээк патрулунун катерлери менен сүзүшкөндөн кийин кармалган.

Япониянын премьер-министри Наото Кандын айтымында, анын өлкөсүнүн Кытайдан кечирим суроого ниети жок. Бээжин бийлиги андай талапты эки ирет койгон. Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Цзянг Юнун билдирүүсү борбордук телеканалдан окулду:

"Диау аралдары жана анын айланасындагы аралдар байыркы замандан бери Кытайдын жерлери болуп келген. Япониянын аракети Кытайдын аймактык суверендүүлүгүнө жана Кытай элинин жеке укуктарына олуттуу шек келтирет. Албетте, Кытай Япониядан кечирим суроосун жана компенсацияны талап кылууга укуктуу. Япония эки өлкө ортосундагы стратегиялык жана бардык тарап үчүн пайдалуу байланыштырды калыбына келтирүү үчүн конкреттүү чара көрөт деп ишенебиз".

Капитан Чжан Цзишонгдун траулери ай башында эки өлкө ортосундагы талаштуу чөлкөмдө япониялык жээк патрулу менен сүзүшүп кеткенде кармалган. Кеме жана анын командасы буга чейин кое берилген.

Чжан болсо ушул ишембиде бошотулду. Аны мекенинде улуттук каарман катары тосуп алышты. Кытайдын борбордук телеканалына берген интервьюсунда ал аралдарга кайтып, балык улоону улантууга ынтызар экенин айтты.

Чыгыш-Кытай деңизиндеги инцидент Токио менен Бээжиндин мамилелеринин начарлашына алып келди. Кытай Япония менен министрлер деңгээлиндеги алакаларын токтотуп койду жана суу астындагы талаштуу газ кендерин өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырды. Бирок капитандын кое берилишинен кийин да ортодогу чыңалуу жоюлган жок.

Япониянын бийликтеги Демократиялык партиянын баш катчысы жана 17-сентябрга чейин тышкы иштер министр кызматын ээлеп келген Катсуа Окада аралдар Японияга таандык деп, Чжанды кармоодо эч кандай катачылык болгон эмес деп билдирди.

Эки өлкө ортосундагы жер талашы көптөн бери жөнгө салынбай келатат. Ушу тапта Бээжин япониялык 4 жаран Кытайдын аскерий тилкесине кирип кеткен деп шектенип, иликтөө жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG