Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Чехияда өкмөт таркады


Чех премьери Тополанек парламентте ишенимден ажырагандан кийин. 24-март, 2009-ж.
Чех премьери Тополанек парламентте ишенимден ажырагандан кийин. 24-март, 2009-ж.

Европа Биримдигинин учурдагы президенти болгон Чех жумуриятында өкмөт ыдырады. Борборчул-солчул коалициянын парламентте ишеним добушун ала албай калышы ички саясий талаштарга байланыштуу болду.

Борбор жана Чыгыш Европаны саясий кризистин карааны аралап жүрөт белем. Мындан бир ай мурда Латвиянын өкмөтү кыйраган, өткөн аптада Венгриянын өкмөт башчысы отставкага кеткен, кезек эми Чехияга келди.

Чех өкмөтүнүн кыйрашы айрыкча кыйчалыш мезгилге туура келди. Өлкө Европа шериктештигин дагы үч ай башкарышы керек. Алдыдагы күндөрү өлкөгө АКШнын президенти Барак Обама келатат.

Шейшембидеги добуш берүүнүн жыйынтыгы оппозициядагы социал-демократтардын чечекейин чеч кылды. Өзү кезегинде өкмөт башында турган бул партиянын төрагасы Йири Пароубек кубанганын жашырбай: «Бул өкмөт өзүнө татыктуу бааны алды. Бул өкмөт кризистен чыккан көйгөйлөрдү чечип, анын чех экономикасына салакасын алдын ала алган жок»- деди.

Бирок Мирек Тополанектин коалициясы башынан эле ээрге кыйшык отурган болчу. Коалициядагы үч партия биригип келип, парламенттеги 200 орундун жарымын гана көзөмөлдөйт. 100 добуш менен коалиция солчул-борборчул социал-демократтардан өтө качкан депутаттардын көзүн карап калган.

Бирок Тополанектин борборчул оңчул Атуулдук демократтары менен аларга шерик Жашылдардан да бозгундар болду. Өкмөттү биротоло «чөктүргөндөр» дал ошолор болуп калды. Анткени өкмөткө ишеним маселеси колго салынганда төрт бозгундун добушу тараза ташын каршы тарапка ала салдырып кетти. Бирок Мирек Тополанектин кабинетин ойрондоого анын экономикалык кризиске карата саясаты да «салым» кошту.

Өткөн айда Латвиянын өкмөтү экономикалык оор абалдын айынан кыйраган эле.

Ушуга байлныштуу Копенгагендеги Данске банкынын жаңы баш көтөрүп келаткан банктар боюнча аналитиги Ларс Кристенсен мындай дейт:

- Борбор, Чыгыш Европада экономикалык кризис бүт өлкөлөрдө өкмөттөрдү жарга такап жатат. Венгриянын өкмөт башчысынын апта соңунда отставкага кетиши да кризиске байланыштуу болду. Бирок Чехиядагы абал кризистен мурда, коалициянын чабалдыгына көбүрөөк байланыштуу.

Өкмөттүн алмашышы өлкөнүн Европа Биримдигин башкаруу дареметине кандай кесепетин тийгизиши мүмкүн? Чехиялык баядамачы, Азаттыктын орус бөлүмүнүн кызматкери Ефим Фиштейндин пикиринде, Чех жумурияты өзүнө артылган вазийпаны мыкты аткарып жатат жана аткара да бермекчи. Анткени өкмөт кеткенде саясатчылар алмашат, бирок чиновниктер кала берет:

- Мен 20 жылдан бери бир орунда иштеген бир чиновникти билем. Министрлер келет, кетет, чиновниктер кала берет. Жаңы министр иш ыргагын мурдагы калыбында улантат, бүт Европада ушундай система бар.

Чех өкмөтүн жаңы шайлоого чейин ким башкараарын президент Вацлав Клаус чечет, Тополанек мыйзам боюнча убактылуу өкмөтүн төрагалыгы өзүндө калыш керектигин айтууда. Ал эми Пароубектин социал-демократтары ушул жылдын экинчи жарымында же келерки жылы чукул шайлоо өткөнгө чейин, «эксперттердин өкмөтүн» түзүүнү колдошууда.

XS
SM
MD
LG