Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Чехиядагы саясый кризис жана Евробиримдиктин “тагдыры”


Чех премьер-министри Мирек Топаленек Страсбургда Европарламенттин депуттары алдында сөз сүйлөдү, 25-март
Чех премьер-министри Мирек Топаленек Страсбургда Европарламенттин депуттары алдында сөз сүйлөдү, 25-март

Чех парламентинин өкмөткө ишеним көрсөтпөй койуусу Евробиримдик үчүн катаал мезгилге - глобалдык финансылык кризистин учуруна туш келди. Чехия 1-июлга чейинки Биримдиктеги төрагалык милдетин убактылуу чех өкмөтү аткарат. Бул биримдиктин узак мөөнөттүк саясатына таасир этпесе да, уюмдун 27 мүчөсү арасындагы бийлик үчүн болгон күрөштү курчутушу этимал.

Чех оппозициясы улуттук өкмөт мандатсыз болсо да Евробиримдикке төрагалык кылуусун кадыресе аткара берет, чех чиновниктери Биримдиктин жыйындарына төрагалык кылуусун токтотпосун ачык билдирди. Чехиянын премьер-министри Мирек Топаленек да шаршемби күнү эртең менен Европарламентте сүйлөп, чех өкмөтүндөгү кризис Биримдиктин ишине кыпындай да зыян кылбайт деди:

- Бул төрагалыкка таасир этпейт. Буга мен ишенем жана төрагалыкка киришер алдындагы Европарламенттеги инаугурациялык сөзүмдө айтканымдай эле биз талкууларды өткөрүп, мунасага жетүүгө умтулабыз.

Чех өкмөтүнүн убактылуу мандаты Биримдиктин иш ыраатын өзгөртө албайт. Бирок уюм ичиндеги бийлик үчүн астырттан жүрүп жаткан таймашты ырбатары күмөнсүз. Чоң өлкөлөр маанилүү маселелерди чечүүдө уюмдун жаңы мүчөлөрү алдындагы артыкчылыгын колдон чыгаргысы жок экени анык жана ал үчүн кээ бир өлкөлөргө астейдил мамиле жасап жүрүшөт. Мындан улам, Брюсселде кабыл алынчу чечимдер евромейкиндикке кирген 16 өлкөнүн ыкласында болуп калат го, деп боолгойт Париждеги стратегиялык изилдөөлөр фондусунун атайын кеңешчиси Франсуа Ейзберг:

- Олуттуу маселелерди Евромейкиндикке кирген өлкөлөр, болбосо Британия, Франция, Германия, Италия плюс Еврозона жана Еврокомиссия чечип калат. Экономикалык кризис оорлор бараткан шартта бул абалды дагы татаалдантат.

Ейзберг баамдагандай эле Франция январдан бери эле Чехиянын жана андан кийинки Швециянын төрагалыгы тушунда Биримдикке караштуу кээ бир экономикалык маселелерди өзү чечкенге жулунуп жүрөт.

Сара Хейгманн Брюсселдеги Европа саясый борборунун талдоочусу. Анын пикиринче, Чехиядагы кризистен Евробиримдиктин күн тартиби өзгөрбөгөнү менен айырым тарамактар жабыркааары шексиз:

- Жумушчу топтордогу күнүгө болчу сүйлөшүүлөр жана майда-барат саясый маселелерди чечүү токтобойт. Бирок ким төрагалык кылганына жараша кабыл алынчу кээ бир маанилүү маселелер жылбай калат.

Чехиядагы кризис 5-апрелде Прагада болчу ЕБ-АКШ кездешүүсүнө, “Чоң жыйырманын” 19-20-апрелде өтчү Лондондогу саммитине, 7-майга белгиленген Чыгыш кызматташуусу жыйынына кедерги болушу ыктымал, дешет серепчилер.

Айтмакчы, 1993-жылы Дания, 1996-жылы Италия ЕБга төрагалык кылып турушканда, аларда Чехиядагыдай өкмөттүк кризис болгон. Андан Биримдиктин ишине олуттуу зыян болгон да эмес.

XS
SM
MD
LG