Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

Дагестанда жанкечти аскердик бөлүккө кол салды


Дагестан: исламчыл террористтер делгендердин унаасын аскерлер аткылашты, 2010-жылдын 17-июну.
Дагестан: исламчыл террористтер делгендердин унаасын аскерлер аткылашты, 2010-жылдын 17-июну.

Дагестандын Буйнак шаарында жайгашкан аскердик бөлүккө жанкечтинин кол салуусунан үч киши курман болуп, отуздан ашуун киши жаракат алышты. Жекшембиге караган түнү аскерий бөлүктүн кире беришиндеги кайтаруу бекетти кимдир бирөө машинеси менен келип сүздүргөн. Ошондон кийин ал машине жарылып, өрт чыккан.

Кийин иликтөө кызматкерлери ал жерден өтүп баратканда дагы бир жарылуу болгон, бирок андан эч ким жабыркаган эмес.
ИТАР-ТАСС таркаткан маалыматка караганда Буйнактагы террордук актыны иликтөө үчүн Түндүк Кавказдык аскерий округдан комиссия жиберилген.

Дагестанда ишемби күнү улуттук саясат жана тышкы байланыш министри Бекмурза Бекмурзаевге кол салуу болгон. Анын автоунаасынын алдына кыстарылган бомба министр унаага түшүп атканда жарылып, Бекмурзаев мээси чайкалып, айдоочусу мерт болуп, кайтарыкчысы жарадар болгон. Анын эртеси 5-сентябрга караган түнү Буйнак шаарда жайгашкан орусиялык «Дальний» аскерий бөлүктүн кире беришиндеги бекетти «Жигули» машинеси менен жанкечти сүздүрүп, жардыруу болгон. Машиненин ичиндеги 30-40 килдей жардыргыч зат от алып «дүң!» дей түшкөн. Ал жерге алаамат түшүп, чатырда түнөшчү аскерлер арасынан 30дан ашууну жарадар болуп, үчөө ошол жерде жан беришкен.

Түндүк Кавказда жашырынып кол салуучулар менен күч органдарынын бирин бири аңдышы кадыресе көрүнүшкө айланып баратышын дагестандык саясий талдоочу Магомед Мусаев мындайча айтат:

- Дагестанда бири-бирине кол салуулар толкундай элес калтырышын көрөбүз. Кол салууга кол салуу менен жооп беришет. Бир туруп күч органдары, бир туруп тигилер!

«Террордук акт», «Эки жана андан көп киши өлтүрүү» ошондой эле «куралды мыйзамсыз таркатуу» беренелери астында кылмыш иши козголгон. Бул туурасында орусиялык прокуратура алдындагы иликтөө комитети билдирди.

Жарадар болгондор туурасында «Азаттыктын» кабарчысы Юлия Таберко буларды айтты:

- Дегинкиси, аскерлердин эти күйүп же темир-тезек, айнек сыныктары тийип жарадар болушкан. Эмне дегенде жардыруудан бери дегенде төрт чатырга өрт кетип, алардын ичинде уктап атышкан аскерлер ошондон күйгөн.

Кремлдин маалымат кызматы Буйнакта террордук актыдан өлүп жана жарадар болушкан аскерлер үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү боюнча президент Д.Медведев буйрук бергенин жазып чыкты.

Өлкөнүн коргоо министрлигинин ырасмий өкүлү Алексей Кузнецов айтымынча:

- Окуя болгон жерде генерал-майор Александр Галкиндин жетекчилиги астында коргоо министринин комиссиясы иштей баштады.

Дагестанда жекшемби түнү террордук акты болгон чакта ага кошуна Кабарда-Балкар ордо калаасы Нальчикте капилеттен болгон кол салуудан бир милиция кызматкери курман болду.

XS
SM
MD
LG