Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Томас Крамптон: Давос көңүл чөктүрдү


Журналист Томас Крамптон Давостогу бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга соңку жылдары үзбөй катышып жүрөт. “Азаттыктын” кабарчысына ал быйылкы форумдан көңүлү чөгүп кайтып баратканын билдирди.

Томас Крамптон мурда "The New York Times" жана "The International Herald Tribune" гезиттеринин кабарчысы болуп иштеген. Быйылкы форумга ал эркин журналист жана Гонконгдогу интернет-блогдун ээси катары катышты.

Крамптон ушуну менен Давоско алтынчы ирет келгенин, бу жолу биринчи ирет талкууга катышкандар арасында кайым айтышып,катуу кетишкен учурлар болгонун белгиледи. Орус премьери Владимир Путин, мисалы, Россияда компютер рыногун кеңейтүүнү сунуш кылган Dell компаниясынын башчысы Майкл Деллге: "Силердин жардамыңарга мукурап турган жерибиз жок, биз майып эмеспиз!" – деп мурду менен бир тийди. Түркиянын премьери Режеп Тайип Эрдоган Израил президенти Шимон Переске каяша сөз айтканга мүмкүндүк бербей койгону үчүн ачууланып,экинчи Давоско бут баспас болуп форумдан кетип калды.

Бул эпизоддорду Крамптон Давостун контекстиндеги кызык окуяларга кошуп, ошол эле учурда форум жалпысынан өтө калбаат мүнөздө өтүп, көп иштердин мааниси кыйла эле басыңкы абалда калды деп эсептейт.

Беш күн ичинде форумда үстөмдүк кылган маанайды сүрөттөш үчүн Крамптон “пессимизм, дүмөктүү сезим, ачуу апаз” деген аныктамаларды колдонорун, бирок бул тапалаңга түшүүнү эмес, абдан этияттык кылуу дегенди гана билдире турганын кошумчалады.

Давоско келген делегаттар күйүп турган көп эле проблемаларды козгошту. Бирок экономика маселесине келгенде келечекке байланыштуу абдан аярлыгын көрсөтүштү. Муну менен быйылкы форум, Крамптондун айтымында, дүйнө азыр узакка созула турган финансылык кризистин башталышында турганын ырастагандай болду.

Крамптон буга миллиардер-финансист Жорж Сорос менен аңгемелешкен соң ого бетер ынана түшкөнүн моюнга алды. Сорос азыркы кризис тутанарын мурда эле эскертип келгенин айтып, өз теориясынын тууралыгын кайра-кайра баса белгилеп, көбүрөөк мактанды, атүгүл дал ушундай финансылык кысталаңдар маалында туйтунуп жүргөнүн да жашырбады. “Сорос азыркы мезгил нормалдуу эместигин, бизге радикалдуу кадамдарды жасоого туура келерин айтты”,- дейт Крамптон.

Жакынкы Чыгыштагы жагдайга байланышкан талкуулар Крамптондун көңүлүн абдан кайт кылды. Эрдоган менен Перестин өз ара бөркү казанбактай болуп кайым айтыша кеткенине токтолуп, Крамптон муну саясатчылардын эл көзүнчө жасай жүргөн белгилүү бир өлчөмдөгү эрежеси деп эсептейт. Негизги маселе - кризисти чечүүнүн раелдуу жолу жок сыяктанат. Ушул мааниде алганда Газадагы жакынкы аскерий операциялар, Крамптондун баамында, региондогу өтө кайгылуу жана ындын өчүргөн учур болду.

XS
SM
MD
LG