Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

130 жаштагы Сахан энеге карылар үйүнөн бөлмө сунушталды


27-мартта Жер планетасындагы жашы эң улуу чоң энелердин бири саналган карагандалык Сахан Досова туура 130 жашка чыкты. Жергиликтүү аткаминерлер Сахан апага белекке 10 миң тенге берип, андан тышкары карылар үйүнөн бир бөлмө сунуш кылышты.

Сахан чоң эне небере-чөбөрөлөрү менен
Бул күнү (27-мартта) “Азаттык” үналгысынын Казак кызматынын кабарчылары 130 жашка толгон Сахан Досова чоң энени туулган күнү менен куттуктоо үчүн таң эрте Карагандага жол тартышты. Алар Сахан эненин үйүнө келген маалда, аны жакын туугандары гана куттуктаганга үлгүрүшкөн экен.

Сахан эне менен бирге чакан үйдө жашаган чөбөрөлөрү Курал жана Жумагелди Аймакашевдер чоң апасына гүл берип жатканда, алардын жубайлары ашканада тойдун камын көрүп атышкан.

Сахан эненин туңгуч жээни, анын улуу кызынын кызы Гүлкайым Амиржандын айтымында, таянеси Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында аман калган үч баласын качан төрөгөнү эсинде жок. Сахан эне алар согуш башталаар алдында төрөлгөндөрүн гана эстеп калган.

Сахан Досанованын советтик үлгүдөгү паспорту
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү жазууга караганда, Сахан эненин улуу кызы Күлкен 1936-жылы, уулу Оразгали 1939-жылы, кичүү кызы 1943-жылы төрөлгөн. Үчөө тең азыр аман-эсен өз апасынын кашында турат.

Сахан чоң эненин туулган күнүндө ага жергиликтүү аткаминерлер келишти. Караганда шаар акимиятынын өкүлдөрү Сахан энеге таттуу, гүл жана 10 миң тенге (болжол менен 66 доллар) белек кылышты.

Социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Мария Кусаинова “Азаттык” үналгысына берген маегинде, Сахан эненин небереси Нукен Алкешова аларга такай келип жардам сурап тураарын, колдон келген көмөк берилип келгенин белгилеп, бул бөлүм Сахан энеге карылар үйүнөн бир бөлмө сунуш кылганын, бирок алар мындай сунуштан баш тартканын айткан.

“Эгерде алар каршы болбосо карылар үйүнөн эки бөлмө беребиз, бирок азыр кризис учурунда алардын башка бир үй берүү өтүнүч-талабын аткара албайбыз” деди Мария Кусаинова.

Дүйнөдөгү жашы эң улуу айымдардын бири катары таанылган Сахан Досова турак-жай үчүн кезекте 1664 деген номур менен турчу. Бирок өткөн жылы Сахан эне турак-жай сурап арыз жазганда, аны 1625-номурга жылдырышкан болчу.

Сахан Досованын небереси Гүлкайым жергиликтүү аткаминерлердин аракеттерине нааразылыгын билдирди:

- Сахан эненин бир тилеги бар: “өзүм өлсөм да, эки майып небереме турак-жай беришсе экен” дейт. Бул киши 17 миң тенге пенсия алат, ошонун да 7 миңин кармап калышат. Бизди ким угат? Бизди эч ким укпайт!

Нооруздун алдында “Азаттыктын” Казак кызматынын кабарчысы Прагадан Карагандага телефон чалганда, Сахан эне угармандарды Нооруз майрамы менен куттуктап, ак батасын берди:

- Мен силерди Жаңы жылыңар менен куттуктайм. Асманыңар тунук болсун. Алла биздин элди жана мекенди сактасын. Менин үйүм жок, мени турак-жай менен камсыз кылышсынчы!

Сахан чоң эненин небере, чөбөрөлөрүнүн айтымында, чоң эне акыркы 5 жылдан бери гана намазга жыгылбай калды. Ал өмүр бою орозо кармап келген. Дасторкон кандай гана түрдүү тамактарга толо болбосун, Сахан эне жанчылган буудайга сары май аралаштырып жегенди жакшы көрөт.

Журналисттердин “Сиздин узак өмүр сүрүүңүздүн сыры эмнеде?” деген суроосуна Сахан эне дайыма “эч качан таттуу жеген эмесмин, курут жана айранды жакшы көрөм” деп жооп кайтарып келет.

XS
SM
MD
LG