Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Европа жумушчулары катаал үнөмдөөгө каршы


Брюсселдеги жүрүштөн бир көрүнүш. 29-октябрь, 2010-жыл.
Брюсселдеги жүрүштөн бир көрүнүш. 29-октябрь, 2010-жыл.

Европа өлкөлөрүндө кечээ жумушчулар иш таштоолорду жана демонстрацияларды өткөрүштү. Бул чаралар Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрү ишке ашырып жаткан катаал үнөмдөө чараларына каршы багытталган.

Евробиримдиктин борбору Брюсселде кечээ он миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулардын ырастоосунда, ага 30дай өлкөнүн жумушчулары тартылды.

Евроапа шаарлары иш таштоо менен жүрүштөрдүн толкунунда

Миңдеген адам катышкан нааразылык демонстрациясы кечээ Испанияда өтүп, жумушчулар иш ташташты. Бул өлкөдө акыркы сегиз жыл ичиндеги алгачкы иш таштоо акциясы болду. Профсоюздардын ырастоосунда, жумушчу күчүнүн жарымы иш таштады, ал эми өкмөттүн эсебинде административдик кызматкерлердин 10%дан азы, борбор Мадридде транспорт тармагындагы жумушчулардын 20%дай эле иш таштоого чыкты.

Коомдук транспорт кызматкерлеринин, дарыгерлердин иш таштоосу Грецияда да орун алды.

Буга окшогон нааразылык акциялары Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бюджеттин таңкыстыгын жоюу үчүн мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча катаал чараларга барып жаткан учурда өтүүдө. Бул иш жүзүндө пенсиялардын, башка социалдык программалардын жана бюджеттен каржыланган мекемелерде иштегендердин маянасынын азайышынан көрүнүүдө.

Профсоюз уюмдарынын пикиринде, банкирлер менен каржы базарларында соода жүргүзгөндөр жараткан экономикалык кризистин эң чоң курмандыгы жумушчулар менен жалданма кызматкерлер болду. Ал эми кризиске алып келгендердин өздөрү болсо өкмөттөрдүн ири өлчөмдөгү каражат жумшалган куткаруу, же салык төлөөчүлөрдүн эсебинен ишке ашырылган пландарынын аркасында андан эсен-соо чыгып кетишти. Ушундай көрүнүшкө нааразылык билдирип, маселен Ирландияда 41 жаштагы киши цемент ташыган автоунаа менен парламент имаратынын дарбазасын сүзгөн соң камакка алынды.

Испаниядагы демонстрация, 29-сентябрь, 2010-ж.
Европанын профсоюздар конфедерациясынын башчысы Жон Монкстын болжолунда, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн дээрлик баары ишке ашыра баштаган программалар толук таасир бергенде ансыз деле күчтөнө албай жаткан экономиканы кайра рецессияга сүйрөшү мүмкүн:

-Мен адамдар жумушчулардын добушу ашыкча үнөмдөөгө барбагыла, 1930-жылдардагыларды кайра кайталабагыла. Баарын бир убакта кыркпагыла, 30-жылдары мунун натыйжасы Улуу депрессия болгон дегенди каңкуулап жатканын түшүнөт деп үмүттөнөм.

Кечээги нааразылык акциялары Евробиримдиктин аткаруучу органы – Еврокомиссия жогору бюджет таңкыстыгынан арыла албай жаткан өлкөлөрдү жазалоо маселесин талкуулаган учурга тушташ. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо жыйындын алдындагы сөзүндө чыгымдардын тездик менен кыскартылуусунан экономикадагы жандануунун токтоп калуу коркунучу бардыгын моюнга алды:

- Биз бул реформаларды ишке ашырууга чечкиндүүбүз. Бирок биз жоопкерчилик менен аракеттенишибиз керек. Атап айтканда, биз жанданууну ( экономикадагы) муунтуп салбаш үчүн айрым реформалардын баскыч-баскыч менен кетүүсүн камсыздообуз зарыл.

Айтор быйылкы жылдын май-сентябрь айлары ичинде өкмөттөрдүн үнөмдөө, эмгек жана пенсия мыйзамын реформалоо чараларына каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрациялар, иш таштоолор Францияда үч, Грецияда сегиз, Испанияда кечээгисин кошкондо төрт, Италияда, Германия, Британияда экиден, Чехия, Румыния, Португалия, Польша, Словенияда бир жолу өттү.

Улуттук байлыкты бөлүштүрүү үчүн күрөшпү?

Гренобль университетинин бүтүрүүчүсү, экономист Чыңгыз Шашиев Францияда жүргөн жеринен “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Европадагы соңку нааразылык акцияларынын маңызын төмөнкүчө мүнөздөдү:
Чыңгыз Шамшиев

- Мен улуттук байлыкты кандай бөлүштүрүү үчүн тарыхый масштабдагы күрөш жүрүп жатат деп айтар элем. Эгер өткөн кылымдын 70 -жылдарына чейин улуттук байлык болжол менен тең бөлүнүп, жок дегенде калктын негизги массасы татыктуу жашоо, өнүгүү, билим алуу, эс алуу үчүн жеткидей кирешеге ээ болуусу керектиги эске алынса, азыр жумушчу калктын негизги бөлүгүн ушул укуктан ажыратууга аракеттенип жатышат. Кеңири түшүндүргөндө күрөштүн маңызы мына ушул маселеге барып такалат. Бирок ал тигил же бул мыйзам долбоору чыкканда барып көрүнүүдө.

Франциядагы пенсиялык реформага каршы жүрүш. 7-сентябрь, Страсбург.

Чыңгыз Шашиев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, адамдарды көчөгө чыгарып жаткан жагдай мамлекеттин жумушчулардын социалдык жактан коргоочу механизмдеринин мурдагыдан алсырап жаткандыгы:

- Маселен Францияда соңку он жылдан бери эмгек рыногун жөндөөнү жумшартуу же иш берүүчүлөргө жумушчуларды өзүнө карата азырак чыгым, азыраак оңтойсуздук менен бошотууга мүмкүндүк берген саясат жүргүзүлүүдө. Албетте, бул иш берүүчүлөргө жакшы, ал эми жалданып иштөөчүлөр үчүн туруксуздук. Пенсия боюнча акыркы 5-7 жылда эле эки мыйзам болду. Ар бири ири митингдерди жаратты. Жакында эле жарандардын пенсияга чыгуу курагын пенсиялык камсыздоо үчүн акча милдеттүү төгүлүп туруучу мөөнөттү узартууну караган реформага каршы өлкө боюнча миллиондон ашуун адам катышкан митинг өттү.

Ошол эле учурда талдоочулар арасында Батыш Европа өлкөлөрү өзүлөрүнүн эмгек мыйзамдарын, пенсиялык системасын реформалоого Кытай, Индия сындуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эмгек рыногу, арзан жумушчу күчү туудурган атаандаштыктан улам аргасыз болуп жатат деген пикирлер бар.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG