Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Швеция жыл аягына чейин Евробиримдикке төрагалык кылат


Швециянын өкмөт башчысы Фредерик Рейнфелдт жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозу Мануэл Баррозо алгачкы жыйындын алдында. Стокгольм, 1-июль, 2009-жыл
Швециянын өкмөт башчысы Фредерик Рейнфелдт жана Еврокомиссиянын төрагасы Жозу Мануэл Баррозо алгачкы жыйындын алдында. Стокгольм, 1-июль, 2009-жыл

Швеция Евробиримдиктин 6 айлык төрагалык милдетин баштап жатып, Иран жетекчилигин өзүн калган дүйнөдөн обочодо калтырбоого үндөдү. Швед өкмөтү 1-июлда Европа Комиссиясы менен жыйын өткөрүп, алдыдагы багыттарды талкуулады.

Төрагалыктын алгачкы эле күнүндө Швециянын дипломатиялык чебердиги сыноого кабылды. Дипломаттардын айтымында, Британиянын Ирандагы элчилигинде иштеген жергиликтүү 9 кишинин кармалганына нааразылык билдирүү иретинде Еврошаркетке мүчө-мамлекеттер Тегерандагы элчилерин убактылуу чакыртып алууга үндөшүүдө. Ирандыктарга президенттик шайлоодон кийин башталган демонстрацияларга тукурган деген айып тагылган. 5 киши кийин бошотулду, 4өө камакта кала берүүдө.

Швед өкмөтүнүн башчысы Фредерик Рейнфелдт шаршемби күнкү пресс-конференцияда Тегерандын айыптоолорун “негизсиз” деп атады. Премьер Иран жетекчилигин өзүн дүйнөдөн обочодо калтырбоого чакырды:

- Ирандын лидерлери өлкөдө болуп жаткан азыркы окуяларды Иран менен калган дүйнө ортосунда тирешүүнү жараткан фактор катары эмес, эркиндиктерди, реформаларды эңсегендердин добушу катары кабыл алышат деп үмүттөнөбүз.

Бирок Рейнфелдт элчилерди чакыртып алуу мүмкүнчүлүгүн түздөн-түз комментариялаган жок. Биримдик “окуялардын өнүгүшүнө жакындан байкоо салып турат” жана баланстанган жооп кайтарууга аракеттенет, - деп чектелди премьер.

Швед өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкө эл аралык сахнадагы ар кандай күтүлбөгөн окуяларга даяр турат деп ишендиришти. Евробиримдиктин үчилтиги – Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт, шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солана жана тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднер 14-июлда Түштүк Кавказга барганы жатышат. Россия Грузияга жай этегинде дагы бир ирет кол салышы мүмкүн деген айың-кептер туш туштан айтылууда.

Брюсселде ошондой эле Россия Украина менен газ жаңжалына даярданууда, Москва Берлин, Париж жана башка өлкөлөр менен эки тараптуу алакаларын пайдаланып, шаркеттин бир добуштан жооп берүүсүнө тоскоолдук түзүшү ыктымал деп чочулашат.

Алдыдагы багыттарды белгилеп жатып, Рейнфелдт климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөштү приоритет катары атады:

- Бул маселе, балким, биздин муун туш болгон эң чоң жана маанилүү проблема. Аны чечүү үчүн убакыт аз. Декабарда Копенгагенде өтчү жыйында глобалдуу климаттык өзгөрүүлөр боюнча консенсус табуу үчүн бар аракетибизди жумшайбыз.

Швециянын төрагалыгы дүйнөлүк экономикалык кризис уланып жаткан учурга туш келүүдө. Стокгольм кризистен өзгөчө жабыркаган мүчө-мамлекеттердеги абал байкоого алынаарын белгиледи.

Тышкы проблемалар менен катар шаркет ички институционалдык кыйынчылыктарды баштан кечирүүдө.

Экинчи мөөнөткө кызматка көргөзүлгөн Еврокомиссиянын төрагасы Баррозо жаңыдан шайланган Европарламенттин добуш берүүсүнөн өтүүгө тийиш. Жана анын жыйынтыгы кандай болоорун боолголоо кыйын. Октябрда Лиссабон келишими Ирландияда экинчи ирет референдумга алынып чыгат. Биримдиктин болочок багытын аныктоодо анын жыйынтыктары маанилүү роль ойномокчу.

Аызырынча документти 27 өлкөнүн ичинен 23ү гана ратификациялады. Андан тышкары Швецияга биримдиктин кеңейшине байланышкан маселелер менен да алектенүүгө туура келет.

XS
SM
MD
LG