Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Экономикалык өсүштү аныктоонун космостук жолу


Түнкү шаар-кыштартар бөлгөн жарыктын космостон көрүнүшү. Июль, 2009-жыл.
Түнкү шаар-кыштартар бөлгөн жарыктын космостон көрүнүшү. Июль, 2009-жыл.

Ички дүң жыйымды эсептөөнүн жаңы жолун Кошмо Штаттардагы Браун университетинин профессору Дэвид Вейл сунуш кылды.

Статистикалык маалыматтар күдүк туудурса, экономикалык өсүүнү же ички дүң жыйымды түнкүсүн өлкө пайдаланган электр бөлгөн жарыкка жараша аныктоо мүмкүн. Ал үчүн өлкөнүн түнкүсүн космостон тартылган сүрөтү керек. Муну АКШнын Браун университетинин профессору Дэвид Вейл жана анын коллегалары жүргүзгөн изилдөө тастыктайт. Анткени эл байыган сайын телевизор, музаткыч сыяктуу буюмдары көп колдонуп, там-жайынын тегерегин да түнкүсүн жарык кыла баштайт, деп түшүндүрөт профессор Вейл:

-Адамдар байыганда жарыкка көп акча чыгымдайт жана жарыкты көп талап кылат. Адам байыган сайын телевизор, радио, муздаткыч эле эмес башка да инфраструктура үчүн электр энергиясын талап кылат. Бай адамдар түнкүсүн активдүү болуп, түнкү унааны көп пайдаланарын, көчөлөргө чырак коюп, жарык кыла башташат. Керектелген жарык адамдар канчалык баргер болгонун көрсөтөт.

Дэвид Вейл өз изилдөөсүндө Чыгыш Европанын 1992-жылы жана 2002-жылы космостон түнкүсүн тартып алынган фотосүрөттөрүн пайдаланган. Бул жылдары Мажарстан, Польша жана Румыниянын элинин кирешеси өскөн. Бул үч өлкөдө түнкүсүн күйгөн чырактар
Чыгыш Европа түнкүсүн. Солдо 1992-жыл жана оңдо 2002-жыл.
жайнап көбөйгөнүн сүрөттөрдөн көрөбүз. Ошол эле жылдары калкы жакырчылыкты баштан кечирген Молдова жана Украинада ар жыл сайын түнкүсүн чырак аз күйүп, карайган жерлер көбөйгөн. Береги ыкма статистикалык маалыматтары осол делген 40 өлкөдө да пайдаланылган.

Профессор Вейл түнкү жарыкты изилдөө Тажикстанда экономика ырасмий бийликтер айткандан бир кыйла жакшы абалда экенин көрсөткөнүнө да токтолду.

-Дүйнөлүк банктын Тажик өкмөтүнө таянып берген маалыматы боюнча, улуттук кирше 11 жылда жылына 2, 3 процентке кыскарган. Биздин изилдөө өлкө түнкүсүн жарыгыраак болуп, ички дүң жыйым жылына 1 проценттен өскөнүн көрсөттү. Ошентип, жарык көрсөткөн сан менен ырасмий маалыматтын жылдык айрымасы 3 процентти түзөт.

Ал эми Беларуста-ырасмий маалымат боюнча, орточо жылдык өсүү 1, 6 процентти түзгөн. Сателиттен тартып алынган өлкөнүн түнкү картасы жылдык өсүш 1 процентке төмөн же 0,6 процент гана болгонун көрсөтөт.

Бул бир инструмент,- дейт өз эсептөө ыкмасы жөнүндө профессор Вейл.- Ал ички дүң жыйымды эсептөөчү стандарттык ыкманы алмаштыра албайт. Бирок бул эсептөөнү жакшыртуунун ыкчам, жөнөкөй жана арзан жолу”.

Өткөн кышта кыргызстандыктар электр энерегиясы менен туруктуу камсыздалбаган. Эгер профессор Вейл пайдаланган ыкманы колдонсок, Кыргызстанда түнкү караңгы мейкиндик кеңейип, экономикалык өсүү бир кыйла басаңдаткан болот.

XS
SM
MD
LG