Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Оппозиция: 1937-жылга кайтып келдик


“Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Э.Каптагаевге каршы кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл облусунда губернатордун орун басары болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылууда.

Эмилбек Каптагаев 2003-жылдары Ысык-Көл облусунда губернатордун орун басары болуп иштеп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда. Саясатчы өзү муну саясий буюртма, куугунтук катары баалап жатат. Айрым бийлик өкүлдөрү мындай иштерди мыйзам чегинде гана болуп жаткан кадыр эсе көрүнүш катары баалоо керектигин айтып жатышат.

Бүгүн оппозициядагы белгилүү саясий ишмерлердин бири Эмилбек Каптагаев коомчулукка атайын билдирүү менен чыгып, ага карата бийлик куугунтуктоолорду уюштуруп, кылмыш ишин козгоо аракеттери жүрүп жатканын жарыя кылды.

2003-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Анапияевге ушундай эле жүйө менен кылмыш иши козголуп, 2004-жылы келтирилген материалдык зыян толтурулуп, кылмыш иши жабылган. Ушул эле жылдын апрель айында Башкы прокуратура жабылган кылмыш ишин кайрадан ачтырып, Каржы полициясына тергөөгө берген. Анда күбө катары өткөн Э.Каптагаевге эми Э.Анапияев менен бирге кайрадан иш козголуп, учурда бул иш Ысык-Көл облусундагы Кара-Кол шаардык сотуна жиберилди.

Корко турган, жаап-жашыра турган эч нерсеси жок экендигин айткан Э.Каптагаев, ага жалган айыптоолорду тагуу аракети жүрүп жатканын билдирди:

- Мен оппозициялык саясий партиянын лидери катары, өлкөнүн президенти К.Бакиевден укук коргоо органдары менен сотторду жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну, оппоненттерине кысым көрсөтүү үчүн жана үй-бүлөсү менен туугандарынын кызыкчылыгына колдонууну токтотууну талап кылам. Мунун бардыгы бизге 1937-жылдын карааны келатканын билдирип турат.

Мындан мурда “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун уулуна карата да кылмыш иши козголуп, оппозициядагы белгилүү саясатчыларга карата басым-кысым болуп жатканы айтылган эле.

Аликбек Жекшенкулов бул тууралуу мындай дейт:

- Албетте бул саясий буюртма. Мындай нерселер менен бийлик биздин оозубузду жаап, коркутуп-үркүтөм деп ойлоп атат. Бирок биз андайга жол бербейбиз. Уулума козгоп атышкан кылмыш иши боюнча деле булар калдаңдап, эч нерсе таба албай туруп калышты. Эми башка туугандарыма да асыла башташты.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун айтымында, бардык эле коомдо мыйзамды бузган, кызмат абалынан пайдаланган адамдарга карата козголгон кылмыш иштерин кадырэсе көрүнүш катары карашат. Андыктан муну көбүртүп-жабыртыштын кажети жок:

- Оппозицияга куугунтук болуп аткан болсо жанагинтип Орус драма театрына келип курултай өткөрө алышат беле. Бул мыйзам ченемдүү нерсе, куугунтук эмес. Мындайлар буга чейин да болуп келген, мындан кийин да боло берет. Анткени бул бийлик менен оппозициянын ортосундагы гана мамиле да. Буга көп деле маани бербеш керек.

Революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев да Э.Каптагаевге тилектештигин билдирип, “эмне себептен Жалал-Абат шаарындагы банктын тонолушуна тиешелүүлөргө кылмыш иши козголбойт, эмне үчүн суу сактагычтагы сууну саткандар жоопко тартылбайт”,- деген суроону кабыргасынан коюп, бийлик өзүнө каяша айткандардын баарын камата турган түрү бар экенин айтат:

- Кимде-ким К.Бакиевдин бийлиги ирип-чирип калды, кылгылыктын бардыгын кылып аткандар ушулар, бийликтен кетсин деп талап кылып аткандардын бардыгы эртең эле саясий куугунтуктоолорго туш болот.

Э.Каптагаевге байланыштуу козголуп жаткан кылмыш ишин “Акыйкат үчүн” кыймылындагы башка саясатчылар да куугунтук катары баалашат.

Э.Каптагаевдин жактоочусу Мукар Чолпонбаевдин айтымында, азыркы козголуп аткан кылмыш ишине Э.Каптагаевдин тиешеси жок болуп, учурунда ал бул иш боюнча күбө катары гана өткөн.

- 2003-жылы Башкы прокуратура ал кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Анапияев менен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Д. Долубаевдин үстүнөн иш козгогон эле. Ал иште Э.Каптагаев күбө катары суралган. 2004-жылы кылмыш иши шарттардын өзгөргөнүнө жана мунапыс актыларына ылайык кыскартылган экен. Аталган кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, айтылган материалдык зыян ордуна толтурулган. Эми ошол 6 жыл мурда бүткөн ишти кайрадан чукуп атышат.

Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Эмилбек Каптагаевге карата козголгон кылмыш ишинде 2,5 миллион сомдук зыян келгени тууралуу сөз болууда.

XS
SM
MD
LG