Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Энергетика: Убадалар арбын, көйгөйлөр көп


Ушул жылы электр жарыгы акыркы эки жылдагыга караганда алда-канча кенен болору, эл жарыкты өчүрүүлөрдөн улам жүдөбөй калары айтылууда. Энергетика, өнөр-жай жана отун ресурстары министрлигинин берген убадасына караганда, өлкө жакынкы эки-үч жыл аралыгында энергетика көйгөйүн оң жагына чечип эле тим болбой, аны ири көлөмдө экспорттоого жетише алат. Адистердин пикиринде, өлкөнүн энергетика тармагындагы башкы көйгөйлөрдүн бири коррупция болууда, жана аны алдын-алуу үчүн учурдагы аракеттер аздык кылат.

Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдовдун айтымында, ушул тапта өлкөнүн энергетика тармагы бир-эки жыл мурдагы кейиштүү абалынан чыгып баратат. Маселен, акыркы эки жылда электр энергиясын үнөмдөө үчүн кышкысын мектептерде да жарык өчүрүлгөн учурлар болгон болсо, бул жылы кышында бир дагы мектептин жарыгы өчүрүлбөйт.

Министрдин маалыматына караганда, ушул тапта өлкөнүн энергетика тармагын өркүндөтүү, жаңылоо иштери жүрүүдө. Андай иш-чаралардын негизинде бөлүштүрүү компаниялары электр энергиясын жоготууну былтыркыга караганда 8,57 пайызга азайтышкан.

И.Давыдовдун ырасташынча, быйыл газ жана жылуулук жаатында деле түйүндүү маселелер жок. Өзбекстандын газы эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык үзгүлтүксүз берилип турмакчы, ал эми жылуулук маселеси көмүрдү көбүрөөк өндүрүү, мол сатып алуу аркылуу чечилмекчи:

- Ушул жылы 480 миллион кВт саатты жоготууларды тескөөнүн негизинде гана үнөмдөдүк. Демек, 550 миллион куб метр суунү үнөмдөдүк. Бул - Камбар-Атанын бир агрегаты өндүргөндөн да көбүрөөк. Эгерде биз ушинтип эле уюштуруу иштерин жакшыртып, эсеп-кысап системасын жөндөп, текшерүүчүлөрдү жакшылап көзөмөлдөп, коррупцияны ооздуктасак эле дагы жылыштар болот.

Энергетика министрлиги билдиргендей, быйыл кышта Токтогул суу сактагычындагы сууну өлчөмү 12 миллиард 358 миллион куб метрге чейин жетип, былтыркы көрсөткүчтөн 2,5 миллиард куб метрге көптүк кылмакчы. Бирок бул көрсөткүч да суу сактагычтын демейки иштөө режиминен кыйла аздык кылат.

Айрым талдоочулардын айтымында, энергетика тармагы абдан көп каражат айланган жана көптөгөн акчалуу, мансаптуу адамдарды кызыктырган тармак. Ошол себептүү Аскар Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда, андан кийин да бул тармакты уюшкан, таасирлүү топтор көзөмөлдөп келишкен дешет. Учурда энергетика тармагын башкарып жаткан адамдар, мурдагы бийлик тушунда деле ушул тармактын чечүүчү фигуралары болушканын, андыктан алардын тармакты өнүктүрүп жибериши күмөндүү экенин айтышат.

Экономист Талант Кемеловдун пикиринде, энергетика тармагындагы башкы көйгөйдүн бири, бул- башкаруунун начарлыгы:

- Чечилбей турган маселе жок. Эң негизгиси каалоо да. Бирок менин оюмча ушул тапта энергетика тармагын башкаргандардын андай каалоосу көрүнбөй атат. Алар ошол эле кызматтарда отурушкандарына көп жыл болду. Ошончо жыл отуруп эч кандай көйгөйлүү маселелерди чечүүнү колго алышкан жок азырынча. Энергетикада эң негизги нерсе башкаруу маселеси болуш керек. Дал ошол башкаруу абдан начар абалда. Акционердик коом түзүлгөнү менен ал жакта чыныгы корпоративдик башкаруу кирген эмес. Мындайча айтканда бир ууч топтун эле кызыкчылыгы жаткандай...

Буга чейин энергетика тармагын көп жылдан бери бийлеп келатышкан адамдар бар экендиги, “энергобарондор” деп эл оозунда айтылган ал топтогуларга эч кимдин алы жетпеси, керек болсо алар бийликтегилерди бүтүндөй сатып алууга кудуреттери жетери аңыз кеп болуп келген. Суунун сатылышы сыяктуу ири операциялар да дал ошол “барондордун” катышы менен жасалат. Андыктан үйлөрдү кыдырган текшерүүчүлөрдүн деңгээлиндеги майда-барат коррупция менен алектенүүдөн пайда аз дешет.

XS
SM
MD
LG