Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Европанын транспорт системасы тушалды


Исландиядагы жанартоо 200 метрдей тереңдиктен атылып чыгып, кара күлүн асманга сапырууда. 14-апрель, 2010-ж.
Исландиядагы жанартоо 200 метрдей тереңдиктен атылып чыгып, кара күлүн асманга сапырууда. 14-апрель, 2010-ж.

Эки күндөн бери Исландияда атылган жанартоонун кесепетинен Европанын бир катар өлкөлөрүндө аба каттамдары учпай калды. Европадагы аба каттамдарын көзөмөлдөө борбору билдиргендей, жума күнү бардыгы 17 миң рейс токтотулду.

Метеорологиялык борборлор билдиргендей, Исландияда бүрккөн жанартоо түтүнү чыгыш жана түштүк-чыгыш тарапты көздөй жылып, алдын-ала эсептөөлөр боюнча асман дагы жок дегенде бир суткадай түнөрүп турчудай.

Анын кесепетинен Улуу Британияда маселен, ишембинин таңына дейре бардык аба каттамдары токтотулду. Андан сырткары Ирландия, Норвегия, Дания, Бельгия, Голландия, Финляндия, Литва жана Чехия аба мейкиндигин убактылуу жабык деп жарыялашты. Айрым чектөөлөр Франция, Швеция, Германия, Польша менен Австрияда киргизилди. Он миңдеген жүргүнчүлөр европалык аэропорттордо сагаалап, жол карап турган чак.

Алардын арасында Париждеги Шарль де Голь аэропортунда биздин кабарчыга жолуккан Гектор Тюше да бар. “Биз бүгүн саат 10до Бразилияга учмакпыз. Башкалардай эле биздин каттам да кийинкиге жылдырылды. Эми күтүшүбүз керек”, - дейт ал.

Гонконгдогу аэропортто эки күндөн бери жакшы кабар күтүп жүргөн голландиялык бизнесмен Марк Зийлстра Ройтерс агенттигине буларды айтты. “Мен өткөн түнү Амстердамга жол тартмакмын, биздин каттам бүгүн кечкиге которулган. 24 сааттай күттүк эле, эми жаңы эле ал кайра кийинкиге калтырылганы маалымдалды, - дейт бизнесмен. - Кудай жалгап, бүгүн учуп кетпесек, кеминде 48 саат жолдо калган болобуз”.

Исландиядагы жанартоо шаршембиде бүркүп баштаган, азырынча ал качан тынчырын адистер айта албай жатышат. Андан тараган кара түтүн менен чаң асманга көтөрүлүп, учактар ары-бери каттай турган бийиктикке чейин каптап турган кези. Адистер жарылган жанартоодон сапырылган күл учактардын моторуна кирип кетип, залака келтириши мүмкүн деп эскертишет. Исландиядагы жанартоонун күлү Европа аркылуу жылып отуруп, Москвага жакындап калганын Орусиянын гидрометстанциясы билдирди. Медициналык борборлор азырынча асманда жайылып бараткан күл адамдардын саламаттыгына зыян келтирген жок деп кабарлашты. Исландиядагы аты татаал жанартоо эч бир кыймылсыз мемиреп уктап жатканына 200 жылдай болгон экен.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG