Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Экология экономикага эриш-аркак


Дүйнөлүк Айлана-чөйрө күнүндө Грузияда атайын акциялар өттү, 5-июн, 2009-жыл.

5-июнь - Айлана-чөйрөнү коргоонун дүйнөлүк күнү ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленди. Ушул жаатта Европа Биримдигинин президенти болгон Чехияда экология министринин орун басары Ян Дусик "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Евросоюздун Борбор Азия боюнча экологиялык саясаты барбы, бар болсо ал кандай иштеп жатат?

- Биз Европадагы айлана-чөйрө тармагындагы реформаларды 1999-жылдан бери талкуулап келатабыз. Мына эми Бириккен Улуттардын Европа боюнча Экономикалык комиссиясында бул программаны Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор Азияга жайылтуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул сунуш Европа биримдигинде ишке ашырылып жаткан экологиялык саясаттын тажрыйбасын аталган аймактарга да жайылтууну карайт. Чехиянын Айлана-чөйрө министрлиги мындай тажрыйбаны Борбор Азияга жайылылтууга күжүрмөн аралашып келатат.

- Бул жааттагы башкы кыйынчылыктар кайсылар?

- Негизги кыйынчылыктарды экономикалык жана саясий болуп экиге бөлсөк болот. Экономикалык көйгөйлөрдү атасак, айлана-чөйрөгө оорчулук келип жатканы менен, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө экономикага артыкчылык берилүүдө. Бирок экономика өнүккөн менен, айлана-чөйрө унутта калыш коркунучу күчтүү. Экинчи маселе саясатка байланышкан. Демократиядагы мүчүлүштүктөр айлана-чөйрөнү коргоого да кесепетин тийгизиши мүмкүн. Ушундан улам менин пикиримде, Европа биримдиги Борбор Азияда демократиялык чечим кабыл алуу системасын колдоо менен айлана-чөйрөнү коргоого да салым кошо алат. Европа биримдигинин мыйзамдарын көчүрүп койсо деле болот, бирок чечимдер демократиялык жол менен кабыл алынбаса, аларды ишке ашыруу кыйын.

- Европа Биримдигинин Борбор Азияда кандай долбоорлору бар?


- Өнүктүрүүгө жардам берүү жана шериктештик демилгесине байланышкан бир нече долбоор бар. Анын ичинде, таштанды сууну тазалоо, таштандыларды кайра иштетүү, уран жана башка таштандылар көмүлгөн жайларды тазалоо иштерине каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле өнүктүрүүнүн экологиялык механизмдерин өнүктүрүүнү караган долбоорлор бар. Биз экономика өнүккөндө айлана-чөйрөгө глобалдык деңгээлде кесепет келтирилбесин кепилдөөнү каалайбыз.

- Өнүгүп келаткан жарды өлкөлөр канткенде экологияны сактоого кызыгат? Элдин ичээрге тамагы жок болсо, табигатты ойломок беле?

- Борбордук Европанын тажрыйбасы көрсөткөндөй, демократияга, базар экономикасына өткөндө, айлана-чөйрөгө кесепетти да азайтуу мүмкүн. Экономика өссө эле, айлана-чөйрө талкаланбашы керек. Бул мүмкүн. Евробиримдик Борбор Азияга жардам көрсөткөндө, экономиканы колдогон долбоорлор экологияга да пайда алып келишин эске алат. «Жашыл саясат» өнүккөн өлкөлөргө эле керек эмес. Мисалы күндүн, шамалдын «бүтпөс» күчүн колдонуу Борбор Азияга өтө кызыктуу болушу мүмкүн. Анткени ал экономиканы көтөрмөлөөгө да жардам бере алат.

- Борбордук Европада кайсы «жашыл» технологиялар экономикага көмөктөш болду?

- Таштандыны, таштанды сууну тазалоо иштерине, «түгөнбөс» энергия булактарына инвестиция салуу айлана-чөйрөнүн абалын эле жакшыртпастан, жумуш орундары да түзүлөт, жергиликтүү ишканалар өнүгөт. Ошондуктан, келечекте экологиянын аркасы менен жумуш орундары көбөйө берет деп эсептейбиз. Кайтарымы начар болсо да, өндүрүштү ар кандай айла-амал менен сактап калуу керек деген туура эмес. Биз ишканаларды кайра куруп, модернизациялап, табигатка да пайдасы тийип, жаңы жумуш орундары түзүлө турган иштерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек.

- Кыргызстанда, жалпы эле Борбор Азияда мисалы майда ишкерлер көп, аларга сиз айлана-чөйрөнү да коргоп, курсакты да тойгуза турган кандай ишти кеңеш бере аласыз?

- Мисалга өнүгүп келаткан өлкөлөрдө булганч сууну тазалаган компаниялар жергиликтүү технологияны колдонуп иш жүргүзүшү мүмкүн. Алар ошондой эле Чехияда колдонулган технологияны өз шартына ылайыкташтырып, колдоно алышат. Биздин Экология министрлигинин интернет сайтында мына ушундай технологияларды жайыкткан ишканалардын тизмеси бар. Аларга да кайрылса болот.

XS
SM
MD
LG