Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Залкар жазуучунун ашы өттү


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөнүнө бир жылдан ашып, бүгүн анын ашы берилди. Жазуучу тирүү болгондо быйыл 81 жашка аяк басмак.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ашы Бишкек шаарындагы "Дасмия" элдик-этнографиялык борборунда берилди. Аны эскерүү үчүн калемдеш замандаштары, чет өлкөлүк достору, жакын санаалаштары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер келип, маркумга багышталып куран окутулду.

Өлкөсүн дүйнөнүн булуң-бурчуна таанытып, кыргыздын сыймыгы болуп келген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов былтыр 10-июнда, сексен жылдык торколуу тоюнун алдында дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Бат эле залкардын дүйнө салганына жыл айланып, күрдөөлдүү күзгө белгиленген жылдыгы же ашы да өткөрүлдү. Аны эскерүүгө келишкен улуу-кичүү инсандар маркумдун ысымын даңктоо, түбөлүккө калтыруу жаатындагы иш-чаралар туурасында кеп учугун чубай отурушту.

Маркумдун ашын жазуучунун бир тууган иниси Илгиз Айтматов ачып, агасынын дүйнөдөн өтүшү чоң кайгы болгонун эскерип, бүгүн да чет мамлекеттерден аны эскерген жүздөгөн каттар келип жатканын билдирди:

- Ч. Айтматовдун дүйнөдөн өтүшү баарыбыз үчүн оор кайгылуу окуя болду. Ошондо эл аралык деңгээлдеги зор коомдук жана мамлекеттик ишмерлер өздөрүнүн терең кайгыларын билдирип, биздин өлкөгө көңүл айтышкан. Мына бүгүн да Чыңгыз агабыздын жылдыгына байланыштуу чет өлкөлөрдөн көптөгөн эскерүүлөр келип түштү.

Жазуучунун ашын белгилүү мамлекеттик ишмер, Каржылык рынокту көзөмөлдөө жана иретке келтирүү кызматынын жетекчиси Юруслан Тойчубеков алып барды. Өз сөзүндө ал жазуучунун насааттарын эстеп, анын аркасына калтырган баалуу акыл мурастарын туура пайдаланууга үндөдү:

- Бизди “көчмөн эл” деп кээ бир тарыхчылар айтып калганда Чыкем туруп айткан эле. “Биз билебиз, дүйнөдө бирөөлөр пирамида тууралуу сыймык менен айтышат. Бирөөлөрү Вавилон мунарасын айтышат, дагы бирөөлөрү Таж-Махал тууралуу айтат. Биздин ушундай сыймыгыбыз Манасыбыз”,- деп айткан эле. Чыкебиз ошентип аталарыбыздын салтын улантып, аны сакташ тууралуу айткан эле.

Улуу жазуучунун ашына биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу баш болгон мамлекеттик кызматкерлер да катышты.

Залкарды эскерүүгө келген бир катар инсандар анын атын түбөлүккө калтыруу, Чыңгыз Айтматовдун атына байланышкан иш-чараларды уюштурууда мамлекет анча жакшы көңүл бурбай жатканын айтып жатышты. Ушул сыяктуу собол узатуу максатында мамлекеттик катчы Досбол Нур уулуна кайрылганыбызда, ал жооп берүүдөн баш тартты.

Ал эми мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов буларга токтолду:

- Чыкебиз тоо кулагандай болуп эле бир заматта арабыздан кетип калды. Мына арадан бир жыл өттү. Былтыр Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды эле, бирок ушу бир башкаларга мактанып көрсөтө турган, элдерге таалим боло турган иш жасай албадык. Ал эми Чыкебиздин атын калтыруу боюнча жасалган иштерге мен такыр канааттанган жокмун.

Биз дале болсо Чыңгыз Айтматовдун улуттук маанисин, эл аралык маанисин, бу кишинин кыргыз элине жасаган кызматын, биздин эл, улут, мамлекет болушубуз үчүн жасаган иштерин жакшы баалай албай атабыз.

Менимче баары алдыда. Бир күндө эле баарын баалап түшүнө албасак, кийин акырындан жүрүп-жүрүп отуруп бардыгы ордуна келет го.


Кинематография боюнча департаменттин директору Абибилла Пазылов болсо, жазуучунун чыгармалары аркасында кыргыз киносу да убагында кыйла өнүккөнүн айтып өттү:

- Айтматовдун чыгармаларысыз кыргыз киносун элестетүү мүмкүн эмес. Азыр кыргыз киносунда кандай мыкты чыгармалар болсо, алардын басымдуу бөлүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдер түзөт. Ошондуктан биз улуттук кинобузду көтөрөбүз, дүйнөлүк аренага чыгарабыз десек, анда биздин режиссорлор анын чыгармаларына кайрылуулары керек. Маселен кийинки чыгармаларына кайрылуу керек.

Алакандай гезит макаласынан тарта том-томдогон чыгармаларга чейин катаал цензурадан өтүп турган совет доорунда эле Чыңгыз Айтматов жазуучу катары дүйнөгө таанылган болчу. Анын чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, жалпы 40 миллиондон ашуун нуска менен жарыкка чыккан. Атактуу жазуучу былтыр сексен жашка таяп калган курагында дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG