Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

”Forbes”: Миллиардерлердин саны арбыды


Америкалык “ Форбс” журналы дүйнө миллиардерлеринин жаңы тизмесин жарыялады. Мурдагыдай эле АКШ көч башында, бирок ашынган байлардын саны Азия аймагында быйыл эки эсеге жакын көбөйгөн. Ал эми коңшу Казакстандан миллиардерлер тизмесине кирген беш адамдын, экөөсү -президенттин үй –бүлө мүчөлөрү.

Дүйнө миллиардерлери боюнча “Форбс” журналынын быйылкы тизмесин глобалдык каржы кризисинен кийинки кайра жандануунун күзгүсү катары кароого болот. Журналдын башкы редактору Стив Форбс Нью-Йорктогу басма сөз жыйында белгилегендей, дүйнөдө жаңы миллиардерлердин пайда болушу, экономика акыркы жарым кылым ичиндеги эң оор кризистен арыла баштаганын анык белгиси:
Cтив Форбс
-Миллиардерлер саны былтыркы 739дан, быйыл 1011ге чыкты же 2008-жылдагы рекорддук деңгээлге дээрлик жакындап барды. Бул миллиардерлердин бириккен байлыгы бир жыл мурдагы 2,4 триллиондон 50 пайызга көбөйүп, 3,6 триллион долларды түздү.

Былтыр глобалдык экономикадагы кризис 300 адамды миллиардерлердин клубунан сүрүп чыккан эле. Быйыл алардын 164 тизмеге кайра кирүү укугун алды. Ошондой эле чириген байлардын катарына быйыл биринчи ирээт 97 киши кошулду. Миллиардерлердин орточо байлыгы быйыл 3,5 миллиард долларга бааланууда же былтыркыдан 500 миллион долларга көптүк кылат.

Быйылкы тизменин быйылкы эң чоң жаңылыгы көч башына телекоммуникация тармагын тейлеген мексикалык магнат Карлос Слимдин чыгышы болду. “Форбс” жетимиш жаштагы Слимдин байлыгын 53,5 миллиард долларга баалаган. Биринчиликти соңку он жылдан ашуун убакыттан бери бербей келе жаткан Билл Гейтс быйыл экинчи орунга түшкөн. “Майкрософт” компаниясынын негиздөөчүсүнөн кийинки үчүнчү орунду да америкалык – Уорен Бафет ээлеген. Гейтс менен Баффет миллиарддаган долларларын кайрымдуулук иштерине жумшаганы белгилүү. Алардын байлыгынын азайышына мына ушул фактор да түрткү болгондой.

Тизмедеги 1011 адам дүйнөнүн 55 өлкөсүнүн жарандары. Алардын экөөсүнөн: Финляндия менен Пакистандан миллиардерлердин катарында буга чейин бир да адам болгон эмес.

Миллиардерлердин жалпы саны жагынан азыр деле АКШ алдыда турат. Мурда тизменин дээрлик жарымын америкалыктар түзүп келсе, азыр алардын үлүшү 40 пайыздын тегерегинде же быйылкы тизмеге 403 америкалык кирген. Ашынган байлардын 248и Европадан чыкса, 234 - Азия чөлкөмүнүн, 64 - Жакынкы чыгыш менен Африка континентинин тургундары. Азияда ашынган байлар быйыл эки эсеге жакын көбөйгөн, былтыркы тизмеде бул аймактын өкүлдөрү 130 эле болчу.

Каржы кризиси Орусиянын миллиардерлерине да олуттуу сокку ургандыктан, тизмеде 27си эле калган. Бирок быйылкы тизмеде орусиялыктардын саны эки эседен ашуунга көбөйүп, 62ге чыкканын эске алганда, алар оңоло алгандай. Орусиянын жалаң эркек миллиардерлери арасында жалгыз аял Москва мэри – Юрий Лужковдун жубайы Елена Батурина да бар. Анын байлыгын “Форбс” 2,7 миллиард долларга баалаган.
Тимур Кулибаевдин дарегине учурда өтө ири өлчөмдө акча уурдаган деген дооматтар айтылып жатат.
Миллиардерлердин тизмесиндеги аялзатынын 89 өкүлүнүн арасына казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева да кирген. “Форбс” Динара Кулибаеваны жана анын жубайы Тимур Кулибаевди 880- орунга жайгаштыруу менен ар биринин байлыгын 1,1 миллиард доллардан деп эсептеген.

Кулибаев демекчи казак президентинин ортончу күйөө баласына байланыштуу жыл башынан бери чуулгандуу маалыматтар чыгууда. Качып жүргөн казак банкири Мухтар Аблязов 1- март күнү эле казакстандыктарга жолдогон кайрылуусунда, анын колундагы документтер президент күйөө баласынын акыркы бир нече жылда өлкөдөн уурдаган акчасы 20 миллиард доллардан ашарын күбөлөндүрүп турганын жазып чыкты.

Тимур Кулибаевдин өзү Аблязовдун дооматтары боюнча кеңири комментарий бере элек. Болгону бир ирээт Аблязовдун билдирүүлөрүн “жалаа” деп атап, маселенин чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатканын айтканы бар. "Форбс" журналынын тизмесине Казакстандын беш жараны кирген. Президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы менен кызынан тышкаркы калган үчөөсү: Владимир Ким, Алижан Ибрагимов жана Нуржан Субханбердин.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG